Көк өрдөк
Көк өрдөк (лат. Gavia arctica), (Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Норвегиянын, Швециянын, Финляндиянын, Германиянын, Полңшанын, европалык Россиянын түндүк бөлүгүнүн ири көлмөлөрүндө тараган. Уралдан ары ареалы түштүккө карай жылат да, Батыш жана Чыгыш Сибирди камтыйт. Түндүк Казакстанда жашайт. Кыргызстанда номинативдүү түрчөсү Ысыккөлдө кездешет.
Жашаган аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ысыккөлдө Түп жана Жыргалаң булуңдарында уялайт . Кышында көлдүн бардык жеринде кездешиши мүмкүн.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы учурдагы саны белгисиз, кыштоодо гана кездешип, уялабай калышы мүмкүн. Мурда 5-6 жуп уялачу.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыныстык жактан үч жашында жетилет. Апрелдин ортосунан баштап уялайт. Адатта 2 жумуртка басат. Балык жана суудагы омурткасыздар менен азыктанат.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чектеш мамлекеттердин территорияларында Жашаган аймактарынын бузулушу.
Көбөйтүү (колдо багуу)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ысыккөл коругунда корголот.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы учурдагы популяциянын абалын аныктоо. Көк өрдөктүн топтошкон жеринде тор менен балык уулоого тыюу салуу.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]III категория, Critically Endangered, CR: R. Кыргызстандын территориясында тукум курут болуунун чегинде. Номинативдүү түрчөсү кездешет. Чоңдугу үй өрдөгүндөй.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2