Лима

Википедия дан
Лима (2017).

ЛимаПеру Республикасынын борбору. Лима департаментинин административдик борбору. Тынч океандын жээгинде, Римак дарыясынын боюнда, Анд тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 7,4 млн (2010; шаар айланасы менен борбордук агломерациясын түзөт; калкы 8,3 млн). Өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий башкы шаары. Лима аркылуу Панамерика шоссе жолу өтөт. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Жогорку ылдамдыктагы автобус системасы түзүлүүдө. 1535-ж. испандар тарабынан негизделип, алгач Сьюдад-де-лос-Рейес («королдор шаары») деп аталган. 1821-ж. чейин Перу вице-королдугунун, 1821-жылдын 28-июлунан Перу Республикасынын борбору. Машина куруу, тамакаш (балык кармалып, беленделет), текстиль, нефть ажыратуу, нефть-химия, металл иштетүү, түстүү металлургия, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Фармацевтика (350дөн ашык тармактык ишканалары бар) өнүккөн. Лимадa алдынкы улуттук банктардын, компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, музейлер (анын ичинде археология, Перу искусствосунун маданияты, улуттук антропология жана этнография жана башка), китепканалар, театрлар, улуттук консерватория, симфониялык оркестр, ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (16–18-к.) бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркалар, бизнес-конференциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7