Липарит

Википедия дан
Липарит.

Липарит (Италиядагы Липари аралынын атынан) – химиялык курамы гранитке жакын эффузия тек. Кээде риолит деп да аталат. Лава агымы, жанартоо дөбөсү түрүндө жолугат. Кристаллданбаган массасында айрым кристаллдык бүртүкчөлөр кездешет. Жер бетиндеги бардык жанартоолордон жолугат. Курулуш ишинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7