Эркинтур Молдогазиев

Википедия дан
Молдогазиев, Эркинтур‎»‎ барагынан багытталды)

Молдогазиев Эркинтур (13.3.1948-ж. т., Тянь-Шань району, Ленинчил жаш айылы) — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-жылдан).

1970-ж. Бишкек автожол техникумун, 1975-ж. КМУнун тарых факультетин, 1988-ж. Бишкек политехника институтунун механикалык факультетин бүткөн.
1967-жылдан Нарын автобазасында шофёр, Тянь-Шань райондук аткаруу комитетинде инструктор, 1971—72-ж. Нарын облустук финансы бөлүмүндө улук экономист, 1972—75-ж. Нарын башкы автотранспорт ишканасында кадрлар бөлүмүнүн начальниги, эксплуатация начальниги, 1975—77-ж. Кант жүк ташуучу авгобазасында директордун орун басары, 1977—83-ж. директору, 19S3—86-ж. Ивановка шаарчасындагы Ысык-Ата автобазасынын начальниги, 1986—89-ж. "Минпромтранс" бирикмесинин генералдык директорунун орун басары, 1989—91-ж. Ат-Башыдагы "Сельхозтехника" бирикмесинин генералдык директору, 1991—93-ж. "Нарын-облнефтепродукты" бирикмесинин генералдык директору, 1993-жылдан "Агро-мунайзат" мамлекеттик коммерциялык бирикмесинин генералдык директору, 1995-жылдан "Кыргыз жанар-май" компаниясынын президенти.

Бир нече жолу облустук, райондук Кеңештерге депутат болгон. Медалдар менен сыйланган. "Нарын облусу" энциклопедиясынын чыгаруучусу.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.