Мультипликациялык киносу
Көрүнүш
Мультипликациялык киносу - кино өнөрүнүн бир түрү; мында кино үчүн тартылган сүрөттөрдү (графикалык мультипликация) же атайын жасалган куурчактардын ырааттуу кыймылын киного тартуу менен (көлөмдүү мультипликация) чыгарма түзүлөт.
- Графикалык мультипликация чындыкты элестетүүнүн өзгөчө шарттуу формасы болуу менен, фантазиялуу окуяны жана болмушу өз алдынча таасирдүү элес түрүндө көрсөтө алат. Көлөмдүү мультипликация окуяны көргөзүүдө графикалык мультипликациядан чабалдык кылганы м-н кейипкерлердин мүнөздорүн курч сүрөттөйт. М. к-на корнем каражаттары шарттуу жана өтө курч фольклор, сатира, притча өзгөчө жакын.
- Мультипликациялык киносунун сүрөттөрү жана киного жазыла турган сөздөр мультипликация станогу менен тартылат. Ал станоктун эң жөнөкөй түрү вертикаль станинадан жана кыймылдуу столдон турат. Киного тартуучу аппарат вертикаль станинада өйдө-ылдый жылып турат. Кадрдын тунук материалга тартылган графикалык сүрөттөрү стол үстүнө бир нече катар коюлат да, айнек пластинка менен бастырылып, үстүнөн же астынан жарык жиберилет. Стол торт таранка жылып турат. Автоматташтырылган станоктун конструкциясы да ушундай, бирок анда бардык кыймыл электр кыймылга келтиргичи менен башкарылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.