Мазмунга өтүү

Педагогика

Википедия дан

Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө)

Педагогиканын тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Педагог - (гр. paidagogos –тарбиялоочу) – жалпы билим берүүчү мектептин мугалими, кесиптик-техникалык, атайын орто же жогорку окуу жайынын окутуучусу, мектепке чейинки мекемелерде, мектеп интернатта, балдар үйүндө, тарбиялоо колонияларында тарбиячы, мектептен тышкаркы жана башка уюмдардын кызматкери, педагог илими боюнча илимий кызматкер жана башкалар

Педагогика деген сөз ал илимдин өзүнө караганда алда канча мурда пайда болгон. Байыркы Грецияда педагог деп мугалимди эмес, балдарды мектепке жеткирип, кайра алып келүүчү кулду эсептешкен. Бара-бара маанилик чектери кеңейип, кийинчерээк педагогика термини баланын дене бою менен акыл көрөңгөсүнүн өнүгүшүнө туура багыт берүү, аны турмуштун туура жолуна салуу өнөрү катары колдонула баштаган. Күндөлүк турмуш сабактарынан жана айрым озгун ойчул адамдар тарабынан таалим-тарбия ишине байланыштуу анык ойлордун арбын топтолушу, аларды жалпылоо, ырааттуу, максаттуу өнүктүрүү иштерин аркалаган педагогика илиминин пайда болушу зарылдыгын шарттады. Байыркы грек, рим, византия жана чыгыш философтору Платон, Аристотель, Паутарх, Гераклит, Селена Квинтиллиан, Варлаам, Ионна Демоскина, Авицена, Конфуций, ошондой эле орто кылым ойчулдары Ж. Баласагын, М. Кашгари жана башкалар мурастарынан таалим-тарбия темасындагы баа жеткис акыл кеңештерди табууга болот.

Педагогика илим статусуна чех элинин улуу педагогу Я. А. Коменскийдин (1592–1670) эмгектери аркылуу ээ болгон. Ал түрдүү өлкөлөрдө тамыр жайып өнүккөн бай тажрыйбаларды жана өзүнүн ишмердүүлүгүн астейдил талдоо аркылуу, окутуу-тарбиялоонун объективдүү мыйзамченемдүүлүктөрүн илимий жактан негиздеп системалаштырууга далалат жасаган. Ушундан улам Коменскийди педагогика илиминин негиздөөчүсү деп аташат. Учурда педагогика предмети, объекти, милдеттери айкын, түптүү түшүнүктөрү, категориялары бар көп тармактуу илим. Ал таалим тарбиялоо процессин долборлоо, божомолдоо, уюштуруу, өркүндөтүү ыкмалары, ошону менен бирдикте аларды өнүктүрүү, турмушка даярдоо жаатындагы атайын билимдердин булагы катары кабылданат. Педагогиканын тарыхы ар түрдүү доорлордогу педагогикалык ойлордун жана таалим-тарбия мекемелеринин өнүгүшүн, бүгүнкү күн үчүн маанилүү, өнүмдүү жактарын аныктап үйрөтүүчү педагогика илиминин бир тармагы. Педагогика тарыхынын негизги булактары төмөнкүлөр: таалим-тарбия маселелерине таандык расмий документтер; мектептерде колдонулган окуу программалар, окуулуктар, окуу куралдары; маданият, агартуу жана илим ишмерлеринин эмгектери; таалим-тарбия ишине байланыштуу гезиттик, журналдык материалдар; архивдик материалдар, көркөм адабий чыгармалар. Тарыхый педагогикалык фактылар адам коомунун өнүгүшү жаатындагы кабыл алынган жалпы мезгилдештирүү тартибине ылайык изилденет. Ушундан улам педагогика тарыхында байыркы мезгил, орто кылым жана азыркы доор өз өзүнчө бөлүнүп каралат.

Педагогиканын предмети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Педагогика илиминин предмети – адам инсанынын өнүгүш маңызын жана мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө, анын негизинде атайын уюштурулган процесс катары окутуу тарбиялоонун теориясын жана методикасын иштеп чыгуу. Педагогика төмөнкү милдеттерди чечүүнү аркалайт:

1. Окутуу тарбиялоонун, ал процесске жетекчилик кылуунун мыйзамченемдүүлүктөрүн ачуу, айкындоо;

2. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү, талдоо жана жалпылоо;

3. Окутуу тарбиялоонун, ошондой эле таалим-тарбия структураларын башкаруунун заманбап методдорун, каражаттарын, формаларын иштеп чыгуу;

4. Таалим-тарбия иштеринин жакынкы мезгилде жана келечектеги абалын, өнүгүш тенденцияларын божомолдоо;

5. Педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын сыноо жана ишке киргизүү.

Педагогика илиминин системасы.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Педагогика илиминин системасы төмөнкүлөрдөн турат:

  • мектепке чейинки педагог;
  • мектеп педагог; кесиптик (баштапкы, орто, атайын орто, жогорку) таалим-тарбия педагог;
  • өндүрүштүк педагогика ;
  • аскердик педагогика ;
  • салыштырма педагогика ;
  • атайын педагогика ;
  • педагог тарыхы;
  • валеология;
  • социалдык педагогика ;
  • этнопедагогика;

Жалпы педагог адамды өнүктүрүүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн жана бардык типтеги таалим-тарбия мекемелердеги окутуу тарбиялоо процессинин жаңы негиздерин иштеп чыгуучу илим жана окуу предмети. Мугалимдерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын практикасында орун алган салттарга ылайык педагог жалпы негиздери; дидактика (окутуу теориясы), тарбиялоо теориясы; мектеп таануу сыяктуу төрт бөлүккө бөлүнөт.

- адамды калыптандыруу боюнча атайын уюштурулган максаттуу жана системалуу иш-аракеттер, таалим-тарбия менен -окутуунун мазмуну, формалары жана методдору жөнүдөгү илим.

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,


Билим берүү