Плато
Плато (французча plateau – жалпак, тегиз) – үстү тегиз же күдүрлүү, кокту-колоту аз, көтөрүнкү түздүк. Тегерегиндеги аймактан тик кашаттар менен бөлүнүп турат. Нымдуу климат шартында Платолор борпоң тектерден туруп, терең каньондор менен тилмеленген (мисалы, Колорадо). Кургакчыл аймактарда шагыл таштар менен капталып, калдык тоолор менен катар жатат (мисалы, Түндүк Африкадагы Платолор). Платолор структуралык (талкаланууга туруктуу катуу тоо тек катмарлары менен брондолгон; мисалы, Үстүрт платосу), жанартоолук (күдүрлүү рельеф лава менен толуп тегизделген; мисалы, Армян тайпак тоосунун Платосу), денудациялык (байыркы тегизделген түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн пайда болгон пвнеплендер, абразиялык түздүктөр; мисалы, Бетпак-Талаа чөлү) болуп бөлүнөт. Плато ошондой эле тоо өлкөсүнүн ички бөлүгүндөгү тегизделген аймактарды жана суу астында материктик капталдарды түзүшү, океан ортолук кырка тоолордун чегинде жатышы мүмкүндүк Бийик жайгашкан Платолор көбүнчө тайпак жана бөксө тоолордун курамына кирет.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9