Пневмония
Пневмония (бай.-грек. πνευμονία — «өпкөнүн оорусу», бай.-грек. πνεύμων — «өпкө[1]”), өпкөнүн сезгениши – өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оорусу. Аны бактерия (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (аденовирус, грипп) козгойт. Алар көбүнчө дем алуу жолдору, кээде лимфа жана кан тамырлар аркылуу кирет. Пневмониядагы сезгенүү процесси бронхиолаларда, альвеолаларда, аралык тутумдаштыргыч ткандарда жайлашып, өпкөнүн кан тамыр системасына да таасирин тийгизиши мүмкүн[2].
Пневмониянын негизги клиникалык белгилери – бул дене табынын жогорулашы жана организмдин уулануусу, объективдүү жана рентгенологиялык изилдөө менен аныкталган өпкөнүн ички альвеолярдык экссудациясы бар, дем алуу органдарынын очоктуу жабыркашы менен мүнөздөлүүчү курч инфекциялык оору[3].
Классификация
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оорунун көп фактордук классификациясын түзүү пневмониянын полиэтиологиялык мүнөзү белгилүү кыйынчылыктарды жаратат.
Классификацияны тактоо жана толуктоо жөнүндө 1978-жылы О.В.Коровина тарабынан жасалып, ал этиология жөнүндө түшүнүктү кеңейтүүнү, ошондой эле оорунун биринчи жана экинчи жолку көрүнүшүн эске алууну сунуш кылган. Ал кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк бергендиктен, практикалык дарыгерлер тарабынан диагноз түзүү үчүн кеңири колдонулат[4].
- Этиологиясы боюнча: бактериялык; вирустук; микоплазмалык; хламидиалдык; риккетсиялык; грибоктук; мителик; аралаш.
- Клиникалык жана морфологиялык белгилери боюнча: крупоздук (лобар); очоктук (бронхопневмония); интерстициалдык.
- Патогенези боюнча: баштапкы; экинчилик.
- Локализация боюнча: оң же сол өпкө; эки тараптуу жабыркашы; бөлүк, сегмент.
- Тышкы дем алуунун жана кан айлануунун функционалдык бузулушунун болушу менен, алар оордук денгээлин аныктайт: функционалдык бузулууларсыз (жеңил агым); функционалдык бузулуулары бар (орточо деңгээл, оор агым).
- Кыйынчылыктардын болушу менен: өпкөлүк (өпкө шишиги, плеврит, деструкция); өпкө эмес (инфекция-токсикалык шок, ДВС синдрому ж.б.)
Европа респиратордук жана Америка Кошмо Штаттарынын торакалдык коомунун ортосунда түзүлгөн бир пикирге ылайык, бир кыйла прагматикалык классификация сунушталат.
- Ооруканадан сырткы (кенири тараган, тиричиликтик) пневмония.
- Ооруканалык (оорукана ичиндеги) пневмониясы.
- Атипиялык пневмония.
- Иммундук кемтиктери күчтүү адамдардагы пневмония
Эки тараптуу пневмония
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки өпкөнүн сезгенүүсү. Вирус, бактериялар же грибоктор өпкөлөрдүн альвеола деп аталган кичинекей баштыкчаларын сезгентип, суюктукка же ириңге толтуруп, дем алууну кыйындатат. Эки өпкө тең жабыркаганда, эки тараптуу пневмония деп аталат. Пневмония сыяктуу эле, кош пневмония көбүнчө бактериялык же вирустук инфекциядан улам пайда болот. Грипп (грипп вирустук инфекциясы), стрептококк бактериялык инфекцияларынын кээ бир түрлөрү, респиратор-синциталдык вирус (РСВ) жана башка кээ бир инфекциялар менен ооруган адамдар кош пневмонияга чалдыгышы мүмкүн.
Белгилери
Адамда пневмония же эки тараптуу пневмония бар экендигин белгилер боюнча эле билүүгө болбойт. Пневмония көбүнчө башка респиратордук ооруларынан кийин же ошол эле учурда пайда болот. Ал эми белгилери жөнөкөй эле пневмония жана респиратордук оорулардын белгилерине окшош болот.
Оорунун өтүшүп кетүүсү
Пневмония илдети өрчүшүп баратса, иммундук системасы начар адамдарга өзгөчө ВИЧ же СПИД сыяктуу алсыратуучу оорулары бар бейтаптарга олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Пневмониянын өтүшүп кетүүсү төмөндөгүлөрдү камтыйт;
- Сепсис - организмдеги системалык сезгенүүнү пайда кылган инфекция. Бул өлүмгө алып келүүчү олуттуу оору.
- Өпкөнүн ириңдөөсү же өпкөнүн абсцеси.
- Плевра эффузиясы. Плевра - бул көкүрөк көңдөйүндөгү өпкөнү каптаган эки мембрана. Көбүнчө плевра суюктугунун бир аз бөлүгү мембраналардын ортосундагы боштукту толтурат, бирок пневмония бул суюктуктун топтолушун шартташы мүмкүн. Эгерде суюктук топтолуп же жукса, анда плевра эффузиясы өлүмгө алып келиши мүмкүн.
- Плеврит. Бул пневмония менен болушу мүмкүн жана плевра катмарлары сезгенип, бири-бирине сүйкөгөндө пайда болот. Плеврит адам терең дем алганда же жөтөлгөндө көкүрөк оорусун пайда кылат.
- Бөйрөк же дем алуу органдарынын иштебей калышы.
Оорунун белгилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пневмония чоңдордогу оорунун ар кандай белгилерине ээ, ага ылайык тажрыйбалуу дарыгер заматта патологиянын баскычын жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Пневмококктун өнүгүшүнөн улам пайда болгон классикалык пневмониянын белгилерин карап көрөлү:
- дене температурасынын 39-40 градуска чейин жогорулашы;
- чоң кишинин өпкөсүнөн катуу жөтөл менен какырыктын чыгышы;
- жөтөлгөндө жана дем алганда көкүрөктөгү оор сезимдер;
- өпкөнү тыншаганда угула турган ышкырык.
Бактериялык пневмония төмөнкүдөй белгилерди аныктоого жардам берет:
- тердин көп бөлүнүп чыгышы;
- энтигүү;
- пульстун тез кагылуусу;
- дем алуунун кыйындашы;
- эриндер жана тырмактардын көгөрүшү.
Микоплазма же хламидиоз менен шартталган пневмониянын атиптик көрүнүшү менен, чоң кишилерге башка белгилер дагы мүнөздүү:
- 40 градуска чейин көтөрүлгөн жогорку температура;
- кургак жөтөл, ал көп өтпөй какырык көп болгон нымдуу жөтөлгө айланат;
- булчуңдардагы жана ткандардагы оору;
- дайыма тамактын кырылдашы;
- өзүндү жаман сезүү[5].
Көбүнчө ысытма сыяктуу белгилерди байкаган бейтаптар пневмонияны кадимки респиратордук оору деп эсептешет. Бирок сиз пневмониянын классикалык белгилерин ар дайым эске алышыңыз керек, алардын болушу оорукананын клиникасында пневмонияны дарылоону тезинен баштоо керектигин билдирет. Пневмониянын акыркы диагнозун тажрыйбалуу дарыгер лабораториялык анализден өткөндөн кийин жана түздөн-түз себептери менен натыйжалуу күрөшүү үчүн кылдат диагноз коюуну камсыз кылат.
Балдардагы пневмониянын белгилери
Эрте балалыкта, пневмониянын өөрчүшүнүн жүрүшү жана дарылоонун түрү ар башка болот. Бул организмдин гипотермиясынын кесепетинен гана эмес, ошондой эле туура эмес өнүгүүлөрдөн, дем алуу жолдоруна бөтөн нерсенин түшүшүнөн келип чыгат.
Төмөндөгүдөй белгилер байкалганда, адиске кайрылууга туура келет[6]: баланын тез жана көп чарчоосу; уйкусуроо жана кош көңүлдүк; табиттин жоктугу; тез дем алуусуу; негизсиз көп ыйлоо. Балдардын жети жана андан жогорку куракта пневмониянын белгилери чоңдорго окшош жана жогорку температура, алсыроо жана катуу тердөө менен мүнөздөлөт.
Пневмониянын өнүгүшүнө түрткү берген факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаш балдарга
Жатын ичиндеги гипоксия жана асфиксия; төрөлүүдөгү жаракат; жаңы төрөлгөн баланын пневмопатиясы; жүрөктүн тубаса кемтиктери; өпкөнүн кемтиктери; муковисциброз; тукум куучу иммундук дефициттер; гипотрофия; гиповитаминоз.
Чоңдорго
Тамеки тартуу жана өнөкөт бронхит; өнөкөт өпкө оорусу; эндокриндик оорулар; жүрөк жетишсиздиги; иммундук дефицит; горизонталдык абалда узак болуу; алкоголизм жана баңгизаттарга болгон көз карандылык.
Оору вирустарга каршы иммунитети калыптана элек баланын организмине тез таасир этет. Ошондуктан, эки жашка чейинки балдар үчүн пневмония эң коркунучтуу. Экинчи тобокелдик зонасына 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар, 65 жаштан ашкан чоңдор жана башка жугуштуу оорулар менен жабыркаган иммундук системасы начар адамдар киришет. Пневмониянын алгачкы белгилерине адамдар көңүл бурушу керек:
- диабет менен ооругандар;
- ВИЧ-инфекциясы бар адамдар;
- астма менен ооругандар;
- жүрөк жетишсиздигинен азап чеккендер;
- спирт ичимдиктерин жана тамеки көп колдонгон адамдар[7].
Пневмониянын патогенези
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пайда болуу механизми - пневмониянын патогенези татаал. Бардыгы инфекциянын организмге кандайча киргенине байланыштуу. Организмге инфекцияны, уулуу заттарды жуктуруунун жолдору ар кандай:
- Бронхтор аркылуу (бронхогендик патогенез). Бактериялар, вирустар өпкөгө аба тамчылары менен киришет; түздөн-түз дем алган аба менен же кыйыр түрдө (мурундан), былжырлуу кабыкчалар (мурун, көз) вирустар жана бактериялар бар жер менен контакта болсо;
- Кан аркылуу (гематогендик патогенез). Мындай пневмония көбүнчө сепсистин фонунда - ириңдүү-септикалык кан жабыркашы менен өнүгөт
- Лимфа аркылуу. Лимфадан микроорганизмдер бронхопульмонардык системанын эпителий клеткаларына өтүп, аларга жабышышат.
- Ичтен (эндогендик патогенез). Бул учурда оорунун башталуу механизми бузулган микрофлорадан башталат (мисалы, адамдарда муциндердин (гликопротеиддер) синтези бузулат. Ушундан улам, мукоцилиардык клиренс менен көйгөйлөр келип чыгат, анын милдети ринобронхиалдык секрецияны түздөн-түз алып салуу.
Бактериялар, токсиндер, вирустар өпкөгө киргенден кийин белоктор, цитокиндер (пептиддик маалымат молекулалары) ишке киришет. Алар нейтрофилдердин (лейкоциттердин бир бөлүгү), сезгенүү процессине катышкан макрофагдардын кыймылы менен активдешет. Дал ушул цитокиндер жергиликтүү коргонуу реакцияларынын өнүгүшүн жөнгө салат.
Эгерде бронхопульмоналдык коргонуу бузулуп, иммундук система алсыз болсо, организмде аутоаллергиялык жана аллергиялык реакциялар пайда болот, ал өпкөнун сезгенишине алып келет. Ал эми, оорунун пайда болушуна грибоктор күнөөлүү болсо, анда оорунун өнүгүү механизминин мүнөздүү белгиси - грибоктук культурасынын активдүү көбөйүшү, лейкоциттердин миграциясы жана сероз суюктугунун бронхиолаларда, альвеолаларда топтолушу.
Себептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пневмония көбүнчө бактериялар же вирустар козгогон инфекциялардан, кээде грибоктордон жана мителерден пайда болот. Ал эми, бул оорунун эң көп козгогучу бактериялар болуп саналат, мисалы, бактериялык табигаттын козгогучтарынын арасында эң көп кездешкени пневмококк , бирок акыркы мезгилдерде, айрыкча, жогорку патогендүү сасык тумоонун эпидемиясы учурунда пневмония вирустук-бактериялык мүнөзгө ээ боло баштады[8]. Алардын себеби бактериялар жана вирустардын ассоциации. Пневмококк бул - курч лобар пневмониясы менен ооруган адамдардан бөлүнүп чыккан ланцетат диплококк[9].
Чоңдордогу вирустук пневмониянын эң көп тараган себеби - грипп вирусу. Бир катар ар кандай респиратордук вирустар балдардын пневмониясына чалдыгышат, мисалы, респиратордук синцитиалдык вирус (РСВ). Вирустук пневмония бактериялык пневмонияга караганда жалпысынан анча оор болбосо дагы, вирустук пневмония болгондо экинчилик бактериялык пневмония коркунучу бар. Бирок, сасык тумоонун вирустары жана респиратордук синцитиалдык вирустар (RSV) кээ бир бейтаптарда олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Пневмонияны козгогон вирустун башка түрлөрүнө кызылча жана чечек (чечек) вирустары кирет. Айрым вирустар сейрек учурларда, өлүмгө алып келүүчү пневмонияга алып келиши мүмкүн, мисалы, SARS (Катуу Курч Респиратордук Синдром) же MERS; эки оору тең ар башка коронавирустардан улам пайда болот.
Пневмонияны козгогон грибокторго (Cryptococcus) Криптококк, (Histoplasma и Coccidioides) Гистоплазма жана Коксидиоиддер кирет. Көпчүлүк адамдарда булар ооруну козгобойт, бирок кээ бирлеринде пневмония пайда кылат. Көбүнчө грибоктук инфекциялар ВИЧ / СПИДден улам иммундук системасы начарлаган адамдарда же иммундук функцияны басаңдатуучу дарыларды ичкен адамдарда көп кездешет.
Профилактикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, пневмококк - пневмония менен менингиттин эң көп таралган козгогучу жана өлүмдүн көрсөткүчү жогору бактериялык инфекция. Пневмококк оорусун вакцинация аркылуу алдын алууга болот. Чет өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн көпчүлүгү эмдөөнүн 80-95% натыйжалуулугун көрсөттү[10]. Балдардагы пневмониянын алдын алуу балдардын өлүмүн азайтуу стратегиясынын негизги компоненти ошондой эле, пневмококк, кызылча жана көк жөтөлгө каршы эмдөө пневмониянын алдын алуунун эң жакшы жолу болуп саналат.
Баланын организминин коргонуу жөндөмүн күчөтүү үчүн, жетиштүү тамактануу, баланын биринчи 6 айында гана эмчек эмизүүдөн башталат. Ошондой эле, пневмониянын алдын алууда жана оорунун узактыгын кыскартууда натыйжалуу. Пневмония коркунучун азайтуу үчүн ВИЧ-инфекциясын жуктурган балдарга күн сайын антибиотик котримоксазол берилет. Ошондой эле, жеке гигиенаны сактоо пневмониянын алдын алууга маанилүү ролду ойнойт.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Антибиотиктер бактерия жана грибоктук инфекциялардан улам пайда болгон пневмонияга каршы дарылоо каражаты болуп саналат. Антибиотик терапиясынын натыйжалуулугу кабыл алгандан кийин 48-72 саат өткөндөн кийин бааланат. Эгерде ушул мезгилде температура, жөтөлдүн интенсивдүүлүгү жана интоксикация (баш,алсыроо, булчуңдардагы жана муундардагы оорулар) төмөндөсө, дарылоо курсу улантылат. Эгерде бейтаптын абалы жакшырбаса, анда каражаттар башка топтогу дарыга алмаштырылат[11]. Антибиотиктер вирустук пневмонияга каршы натыйжасыз. Пневмонияны козгоочу вирустун түрүнө жараша, вируска каршы дары-дармектер оорунун башында башталса, пайдалуу болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда оселтамивир жана занамивир сыяктуу вируска каршы каражаттар сунушталат. Алардан тышкары, комплекстүү терапиянын алкагында, врач умифеновирди жазып бериши мүмкүн. Вируска каршы дары-дармектер эртерээк жазылганга чейин натыйжалуу болот. Оптималдуу, биринчи белгилерден вируска каршы дарылоону баштаганга чейин 48-76 саат өтүшү керек. Эгерде врач пневмониянын аралаш мүнөзүнө шек туудурса, анда ал бактерияга каршы жана вируска каршы каражаттарды дайындай алат. Кошумча терапия катары иммуномодуляторлорду (иммуноглобулиндер) жана витаминдерди сунуштоого болот. Өпкөдөн какырыкты чыгарууну тездетүү үчүн пневмонияга каршы физиотерапия температура нормага келгенден кийин гана дайындалат.
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Советский энциклопедический словарь / Гл. ред. А. М. Прохоров. — 4-е изд. — М.: Советская энциклопедия, 1988. — 1600 с.
- ↑ “Большая медицинская энциклопедия”.: государственное научное издательство/ А.Н.Бакулев/ Москва 1962. Том 25.ст. 120-121. Адрес главной редакции БМЭ: Москва, Центр, Петроверигский пер., д. 6/8
- ↑ Синопальников А. И., Страчунский Л. С., 2000
- ↑ Казанцев В. А. Пневмония. Руководство / В. А. Казанцев — «СпецЛит», 2002. ISBN 5-299-00216-5, стр.8-10
- ↑ https://www.medicina.ru/patsientam/zabolevanija/vospalenie-legkih
- ↑ МедКом, Пневмония: https://medkom62.ru/uslugi/fizicheskim-licam/priem-specialistov/terapevt/pnevmoniya.html
- ↑ https://medkom62.ru/uslugi/fizicheskim-licam/priem-specialistov/terapevt/pnevmoniya.html
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 22 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 8 -октябрь (тогуздун айы) 2019.
- ↑ “Большая медицинская энциклопедия”.: государственное научное издательство/ А.Н.Бакулев/ Москва 1962. Том 25. 54-бет
- ↑ https://www.medicina.ru/patsientam/zabolevanija/vospalenie-legkih/
- ↑ https://www.kp.ru/guide/lechenie-pnevmonii.html