Роберт Оппенгеймер
Роберт Жулиус Оппенгеймер (англ. Julius Robert Oppenheimer, 1904-жыл 22-апрель - 1967-жыл 18-февраль) - америкалык теоретик-физик, Берклидеги Калифорния университетинин физика профессору, АКШ Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү (1941-ж. баштап). Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында өзөктүк куралдын биринчи үлгүлөрү иштелип чыккан Манхэттен долбоорунун илимий жетекчиси катары кеңири белгилүү; ушул себептен аны көбүнчө "атомдук бомбанын атасы" деп аташат.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Принстондогу Алдыңкы изилдөөлөр институтунун жетекчиси болуп дайындалган. Ошондой эле, жаңы уюшулган АКШнын Атомдук энергия боюнча комиссиясынын башкы кеңешчиси болгон. Бул ордунан пайдаланып, атомдук куралдын жайылышын жана өзөктүк жарыштын алдын алуу үчүн өзөктүк энергияга эл аралык көзөмөл кылуу керектигин колдоп чыккан. Анын аскердикке каршы бул туруму "Кызыл коркунучтун" экинчи толкуну учурунда бир катар саясий ишмерлердин кыжырын келтирген. Натыйжада, 1954-жылкы айтылуу саясатташкан угуудан кийин ага жашыруун иштерге кирүүгө тыюу салынган. Ошондон кийин түздөн-түз саясий таасирге ээ болбостон, физика боюнча дарс окуп, эмгек жазып, иштей берген. Он жыл өткөндөн кийин президент Жон Кеннеди саясий реабилитация иретинде окумуштууну Энрико Ферми сыйлыгы менен сыйлаган; сыйлык Кеннеди өлгөндөй кийин Линдон Жонсон тарабынан ыйгарылган.
Оппенгеймердин физикадагы эң маанилүү жетишкендиктери деп төмөнкүлөрдү аташат: молекулярдык толкун функциялары үчүн Борн-Оппенгеймер жакындоосу, электрондор жана позитрондор теориясы боюнча эмгектер, өзөктүк синтездеги Оппенгеймер-Филлипс жараяны жана кванттык туннелдөөнү мурдатан айтышы. Ал окуучулары менен бирге заманбап нейтрон жылдыздар теориясына жана кара тешиктер теориясына, ошондой эле, кванттык механиканын, кванттык талаа теориясынын жана космикалык шоолалардын физикасынын айрым көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу салым кошкон. Оппенгеймер устат жана илим жайылтуучу, XX кылымдын 30-жж. дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон Америка теориялык физикасынын негиздөөчүсү болгон.