Саар

Википедия дан

Саар (нем. Saarland) — Германиянын батышындагы тарыхый аймак.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

18-кылымдын 90жылдарынан 1814-жылга чейин Саарды Франция ээлеген. 1815-ж. Саардын басымдуу бөлүгү Пруссияга, азы Баварияга өткөн. 1871-ж. Германия империясынын составына кирген. 1919-жылдан Саар аймагындагы көмүр кендери Франциянын менчигине берилип, Саар дын өзү 1935-жылдан Германияга өткөн.

Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин Саар Германия оккупациялаган француз зонасына, андан соң Франциянын экон. валюта жана бажы. системасыяа кирген. Франция менен ГФР ортосунда түзүлгөн «Саардын статуту жөнүндөгү» макулдашууга ылайык Саар 1954-ж. Батыш Европ. союздун убактылуу контролдугунда болгон.

Бирок ал статус 1955-ж. октябрдагы референдум убагында көпчүлүк добуш менен четке кагылган. Франция менен ГФР ортосунда 1956-ж. түзүлгөн Саар жөнүндөгү келишим боюнча Саар 1957-жылдын 1-январынан Германиянын курамында.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.