Северцов кошаягы
Северцов кошаягы (лат. Allaсtaga severtzovi, Vinogradov (1925)):
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кеңири таралган ареалдары Орто Азиянын жана Казакстандын чөлдөрү. Устюрта, Арал тегерегинде, Бетпакдалда, Балхаш тегерегинде, Түркмөнстанда, Каспий аймагында, Батыш жана Түндүк Тянңшанда, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө кездешет.
Жашаган аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизинен эфемер жана эфемероиддерден турган чөптүү өсүмдүктөр өскөн түздүк жарым чөлдүү жерлерде жашайт. Биздин шарттарда чополуу (ылайлуу) участкалар.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биздин республикада бул түрдүн саны боюнча материалдар жок. Адабиятардан алынган маалыматтары боюнча Казакстанда кеңири таралганына карабастан анык саны бир топ төмөн. Мисалы, 10 км маршрутта 1,9-2,1 кезиккен, жайында – 3, 7 учураган.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары). Кыргызстанда кош аяктын биологиясы белгисиз. Адабияттарда берилген маалыматтарга караганда активдүү сезондук мезгили 7-8 айга жакын созулат. Жашоо тиричилигинин күүгүмдө жана түнкүсүн өткөзөт. Анча терең эмес ийиндерди казышат. Жазында ийиндеринен чыккандан кийин көбөйүүсү башталат. 26 күнгө жакын көтөрүп 2-7ни тууйт. Көбөйүү мезгили созулган. Ургаачылары майдын башында тууйт.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Көбөйтүү (колдо багуу)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдо кармалып багуу боюнча фактылар жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы учурда коргоого алынган чаралар белгисиз.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мүмкүнчүлүк болсо жашаган жерлерин сактап, коргоо зарыл.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VII category, Lower Risk/ least concerned, LR/ l c Кыргызстанда сейрек, аз изилденген түр.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2