Мазмунга өтүү

Синапс

Википедия дан
Синапс.

Синапс (грек. synapsis – байланыш, биригүү) – кыймылдуу абалдагы клеткалардын ортосундагы сигналды өзгөртүү жана бири-бирине өткөрүү кызматын аткаруучу атайын байланыштын түрү.

Аткарган кызматы боюнча Синапс козголтуучу (клетканын иштешин күчөтүүчү) жана басаңдатуучу болуп экиге бөлүнөт. Синапс бул синапс жылчыгы менен бөлүнгөн синапстын учунан жана анын тушундагы мембранадан турат. Алардан байланышы химиялык, электрдик же электр-химиялык жол менен жүрөт. Синапстын учуна медиаторлорго толгон ыйлаакчалар жайгашкан. Нерв импульсу Синапстын учуна жетип, андагы мембрананын электр кубатын өзгөртөт анан кальций иондорунун өткөргүчтүгүн көбөйтөт да, ыйлаакчалардан жылчыкты көздөй медиаторлор бошоп чыгып, алар Синапстын учуна тушташ жайгашкан мембранага таасир этет. Электр механизмдүү синапстарда синапс абдан тар, жылчыгы жок болгондуктан, ток синапстын учунан анын тушундагы клеткага түз таасир этет.

Мындай Синапстарда кичине молекулалуу бирикмелерди клетканын цитоплазмасынын биринен экинчисине өткөрүүчү каналдар болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8