Мазмунга өтүү

Эсперанто

Википедия дан

Эсперанто - эң кеңири таралган жасалма тил; эл аралык байланыштын көмөкчү каражаты.

1887-жылы варшавалык врач А. Заменгоф тарабынан түзүлүп, ошонун псевдоними (эсперанто - үмүткөр) менен аталып калган. Структурасы жөнөкөй. Сөз уңгусу катары европалык тилдердин (латын, байыркы грек, француз, англис жана бир аз санда орус) уңгуларын пайдаланат.

Жаңы сөз ошол уңгулардын негизинде суффикс жана префикстер аркылуу жасалат. 1905-жылдан жыл сайын эсперантисттердин эл аралык конгресси өткөрүлөт. Эсперантонун эң ири уюму - Жалпы эсперантолук ассоциация. Эсперанточо ондогон журнал, жыйнак чыгат; aгa A. С. Пушкиндин «Евгений Онегин», У* Шекспирдин «Гамлет». И. В. Гётенин «Фауст» ж. б. чыгармалар которулган.

Эсперанто тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баары 26-жылдын 1887-июлунда Людвиг Заменгоф эсперантону негиздегенден башталат: 2 жылдан кийин эсперанто бүткүл Европада популярдуу болуп, кийинчерээк 1920-жылы эсперанто бүткүл дүйнөгө белгилүү болот. Бирок 1930 - жылдары эсперантисттер репрессиянын жана пропаганданын курмандыгы болушкан, Германия бул тил еврейлердин тили деп эсептейт жана СССР террористтик уюмдун тыңчылары деп эсептейт. 1950-жылы эсперанто өзүнүн статусун кайра карап чыгуу кыймылын баштаган, бирок анын ордуна англис тили келип, 1980-жылы Советтер Союзунда коммунисттик режим кулап, көптөгөн эсперанто сүйлөгөндөр андан баш тартышкан. Бирок интернетте эсперанто тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 2 миллионго жетти.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9