Этиш
Этиш — Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды ? эмне кылып жатат? эмне болуп жатат ? кантет ? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалга: Эшмат топ тепти. Айгүл гүлдөргө суу куюп жатат. Булактан суу агып жатат. Айылга жакында барам.
Жөнөкөй жана татаал этиштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Этиштер түзүлүшүнө жараша татаал жана жөнөкөй болуп бөлүнөт.
Жөнөкөй этиштер – бир сөздөн куралган этиштер. Мисалы: бар, кел, ойно, жаз, тур, оку, кет, кел, жат.
Татаал этиштер – эки же андан ашык сөздөрдөн куралган этиштер. Мисалы: бара кет, ойноп жүр, жазып кет, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим.
Этиштин ыңгайлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сүйлөөчү адамдын кыймыл - аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыңгай деп аталат.
Этиштин ыңгайлары кыймыл - аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет. Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:
1. Буйрук ыңгай: Сүйлөп жаткан адамдын кыймыл – аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн, билдирген сөздөр буйрук ыңгай деп аталат. Буйрук ыңгай төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт:
Негизги этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: айт, кел, оку, жаз, бар, бас, тап, бил, ал, ук ж. б. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: кайчыла, сана, иште, сүйлө, ойно, башта, жолук, жазыш, жардамдаш ж. б. -сын,- гын, - гыла, - ыңыз, - ыңыздар алы (алык) сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен түзүлөт. Мисалы: ойносун, баргын, иштегиле, келиңиз, барыңыздар, баралык, жөнөйлүк ж. б.
2. Шарттуу ыңгай: Кыймыл-аракеттин аткарылышы же аткарылбай калышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиш сөздөр шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды – са мүчөсү уюштурат. Мисалы: барса, келсе, окуса, жазса, көрсө, ойносо, ж. б. Шарттуу ыңгай төмөндөгүдөй маанилерди билдирет:
Шарттык маанини: Күн жааса, биз барбай калабыз. Күн ачылса, биз жөнөйбүз. Алар кечиксе, мен барбайм. Мезгилдик маанини: Бүгүн кетсек, кайра келбейбиз. Күн чыкса, алп иштер башталат. Өтүүнү, сурануу маанисин: Жакшы окусаңар, тартиптүү болосуңар, көп ийгиликтерге жетесиңер. Барсаң бар, келсең кел. Карама-каршылык маанини: Чоро күтсө, Танабай келген жок. Ал келсе, мен барбайм. Себеп маанини: Согуш бүтсө, жумуш жеңилдеп калар эле. Жакшы колго түшсө, көңүлү курсант болот. Жаман колго түшсө, кор болот.
3. Каалоо - тилек ыңгай: Кыймыл - аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат.
Тилек ыңгайды – айын (I жак, жекелик санда), - алык (I жак, көптүк санда), - гай эле + жак мүчөлөрү (I, II), - са + жак мүчөлөрү + экен уюштурат. Мисалы: барайын, келелик, көргөй, элем, барса экен, барсам экен.
Каалоо-тилек ыңгай аркылуу берилген кыймыл-аракеттин али иш жүзүнө ашышы, же ашпай калышы сүйлөп жаткан адамга ачык, так болбойт, ошонун ишке ашышын тилейт, каалайт.
4. Максат - ниет ыңгай: Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон ниетти тилекти билдирген этиштер максат-ниет ыңгай деп аталат.
Ниет ыңгайды - мак, - макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө - мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген сыяктуу көмөкчү сөздөр кошо айтыла берет. Мисалы: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакмын. Биз кечигип калмак болдук. Элдин сөзүнө караганда, Каныбек мында келмек эмес ж. б.
5. Баяндагыч ыңгай: Кыймыл-аракеттин ошол учурда болуп өткөнүн, болуп жатканын, боло турганын жайынча баяндаган этиш сөздөр баяндагыч ыңгай деп аталат. Мисалы: Шаарга бардым. Шаарга бара жатам. Шаарга барганмын. Баяндагыч ынгай жакты жана чакты билдирет.
Туубаса жана туунду этиштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Этиш сөздөр тубаса жана туунду болуп, экиге бөлүнөт. Тубаса этиштер уңгу түрдө турат. Мисалы: бар, кел, кет, жүр, бер, отур, оку, жый, кой, тур ж. б.
Туунду этиштер мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
-ла: кайчыла, башта, тиште
-а: сана, чене, көзө, жаша
-ар: агар, көгөр, бозор, жашар
-лаш: жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш
-кар: башкар, аткар, өткөр, откор
-сыра: уйкусура, кансыра, алсыра
-ы: байы, кеңи, жашы
-каз: атказ, откоз, бүткөз
-ылда: чырылда, бакылда, күпүлдө
-ай: азай, көбөй, муңай, чоңой
Этиштин мамилелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп ааталат. Кыргызтилинде этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:
1. Негизги мамиле: Кыймыл-аракет сүйлөмдүн ээси тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер негизги мамиле деп аталат.
Мисалга: Замира китеп окуду. Ныязбек жазды десек, кыймыл-аракет башка кишилер эмес Замира, Ныязбек тарабынан гана аткарылды.
Негизги мамиле этиштин өзүнө тиешелүү мүчөлөрү жок, башка мамиле этиштерди түзүүгө негиз болот.
2. Кош мамиле: Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулушуп, иргелешип аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп талат.
Кош мамиле этиштерди - ыш (-иш, - уш, - үш, - ш) мүчөсү юштурат. Мисалы: алыш (алышты), жазыш (жазышты), санаш (санашты), иштеш (иштешти), бериш (беришти).
3. Өздүк мамиле: Негизги мамиле этишке - ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.
Өздүк мамилени - ын (-ин, - ун, - үн, - н) мүчөсү уюштурат. Мисалы: ачын, көрүн, жуун, кийин, жамын, чечин, ойгон, жасан, таран ж. б.
4. Туюк мамиле: Кыймыл - аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей маанини билдирген этиштер туюк мамиле этиш деп аталат.
Туюк мамиле этишти – ыл, (-ил, - ул, - үл, - л) мүчөсү уюштурат. Мисалы: жазылды, ачылды, тосулду, оңолду, жасалды, кесилди, ж. б.
5. Аркылуу мамиле: Кыймыл-аракет буйручунун өзү эмес башка бирөөлөр тарбынан иштелгендигин, аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. Аркылуу мамиле этишти төмөнкү мүчөлөр уюштурат.
-дыр: алдыр, күлдүр, билдир
-гыз: отургуз, жеткиз, билгиз
-кыр: жеткир, жаткыр
-ыр: батыр, житир, өчүр
-коз: бүткөз, өткөз
-ыз: агыз, эмиз, угуз
-т: санат, окут, ойнот
-ыт: коркут, үркүт, жарыт
Негизги жана көмөкчү этиштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Татаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, ал эми кошумча аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.
Мисалы: Иштеп жатат (иштеп- негизги, жатат- көмөкчү этиш ), окуп келди (окуп- негизги, келди- көмөкчү этиш ).