Мазмунга өтүү

Ява деңизи

Википедия дан
Ява деңизи

Ява деңизиТынч океандагы аралдар ортосундагы деңиз, Индонезияга тиешелүү Суматра, Ява жана Калимантан, Сулавеси аралдары менен курчалган. Аянты 552 миң км2. Эң терең жери 1272 метр. Суунун үстүңкү бетинин температурасы 27-28°С. Туздуулугу 31,5-34,0. Суткасына бир маал ташкындайт (бийиктиги 2 метрге чейин). Балык кармалат, бермет чогултулат. Башкы порттору: Джакарта, Семеранг (Ява аралында), Банджармасин (Калимантан аралында).

Булактар

  • Георграфиялык энциклопедиялык сөздүк. Кыргыз кеңеш энциклопедиясынын башкы редакциясы. Фрунзе, 1987-жылы.