Пил

Википедия дан
Африка пили (Loxodonta africana).
Азия пили (Elephas maximus).

Пилдер (лат. Elephantidae) – сүт эмүүчүлөрдүн пил тумшуктуулар түркүмүнүн тукуму.

Бийиктиги 4- 4,5 мте, салмагы 5 гга чейин жеткен ири айбанат. Денеси жылма, мойну кыска, буттары түркүк сымал, жоон, күчтүү. Алдынкы буту 5, арткысы 5 же 4 манжалуу. Үстүнкү эрди менен мурду биригип өсүп, кыймылдуу, узун пил тумшугун түзөт. Анын учунда таноосу бар. Тумшугу жыт сезет жана нерселерди кармайт. Азуу тиштери 4 (үстүнкү жаагында 2, астынкыда 2). Тиштери акырындап жешилип түшөт, алар өмүр бою 6 жолу алмашат. Кылкыйма тиштери жок. Үстүнкү жаагында экинчи мандай тиштери (бивни) дайыма (өмүр бою) өсүп тургандыктан, өтө узун. Териси калын, жүнү жок, катуу, сейрек кыл менен капталган. 70–80 жыл жашайт. 10–20 жашында 22–24 ай көтөрүп, салмагы 100 кгдай бир бала тууйт. Өсүмдүк менен азыктанат. Азык издеп узак жол (суткасына 100 кмге чейин) басат. Ургаачылары балдары менен топтошуп, эркектери жалгыздан же топко чогулуп, бөлөк жашайт. Пилдердин 2 түркүмүнүн бирден түрү: африка жана индия Пилдери бар. Африка Пилдеринин 2 түрчөсү (саванна жана токой Пилдери) белгилүү. Алардын ареалы жана саны пил сөөгү үчүн кармалып, өтө азайып кеткен. Акыркы 100 жылдын ичинде 2 млн Пилдер жок кылынган. Негизинен Заир, Танзания, Судан, Кения, Замбиянын улуттук бактарында жана резерваттарда жашайт. Индия Пилдери Түштүк Чыгыш Азиянын токойлуу жерлеринде кезигет. Колго жакшы үйрөтүлөт. Жумушчу жаныбар катары пайдаланылат. ТКЭСтин Кызыл китебине 2 түрү тең катталган.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]