Сулайманов, Кыдык

Википедия дан

Сулайманов Кыдык (1919-ж. т., Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы) - тарых илиминин доктору (1971), профессор (1973).
1945-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын жардамчысы, 1946-47-ж. Фрунзе шааркомунун, 1947-48-ж. Кемин райаткомунун, 1948-52-ж. Фрунзе облаткомунун төрагасынын орун басары.
1952-55-ж. Мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн Республикалык институтунун директору.
1955-жылдан К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик институтунда ассистент, доцент, кафедра башчысы (1961).
1988-жылдан ошол эле институттун марксизм-ленинизм кафедрасында профессор болгон.
Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын анын ичинде өндүрүшүнүн чындалышына, айрыкча мал чарбасынын жогорулашын изилдөөгө арналган. 120дан ашык илимий эмгектин, (анын ичинде 3 монография) автору.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окугандан кийинки ой(жеткиликсиз шилтеме)