Гинекология оорулары

Википедия дан

Гинекология оорулары — аял организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорулар. Гинекология ооруларына инфекция, травма, уулануу, химиялык заттардын жана ысыктын таасири, этек кирдин нейрогумордук бузулушу, шишиктин пайда болушу, жыныс органынын туура эмес жайгашышы же кемтиги себеп болот. Жыныс органынын оорусу аялдын бүт организмине таасир берет. Көбүнчө 20дан 50гө чейинки аялдарда сезгенүү оорулары (жатын кынынын — кольпит, жатындын — эндометрит, жатын түтүгүнүн — сальпингит) көп кезигет.

Дени соо аялдын жатын кынында ар кандай микроорганизмдер болот. Алар демейде эч кандай зыян келтирбейт. Көпчүлүк учурда сезгенүү ооруларын стрептококк, гонококк (Сүзөк, Котон жара), трихомонада (Трихомоноз), ичеги жана туберкулёз таякчасы жана башка козгойт.

Гинекология ошондой кээде жалпы организмдин жугуштуу ооруларынын (грипп, ангина, келте ж. б.) микробдору кан жана лимфа аркылуу тараганда да болушу мүмкүн. Сезгенүү оорулары өз убагында, туура дарылаганда толук айыгат. Кээ бир учурда жыныс органынын тканы өзгөрүлүп, оору өнөкөткө айланат. Ички жыныс органынын сезгенүү оорулары көпкө созулуп, кайра-кайра кармаса, тукумсуздукка алып келет жана этек кир кайталанмасы бузулат.

Этек кир кайталанма бузулушу менен мүнөздөлүүчү оорулар гинекология ооруларынын өзгөчө тобун түзөт. Бул жыныс аппаратындагы ар кандай оорулар же аялдын жалпы организмине байланыштуу болот. Мындай учурда этек кир токтойт (аменорея), өтө көп (гиперменорея) же аз келет (гипомонорея) же этек кир бат-бат келет же кечигет. Этек кир кайталанмасы бузулганда жатындан кан агуусу мүмкүн.

Жыныс органдардын зыянсыз жана зыяндуу шишиктери (көбүнчө климакс мезгилинде болот) пайда болгон жерине жараша айырмаланат. СССРде гинекология ошондой менен ооруган аял диспансердик каттоого алынып, врач-гинекологдун көзөмөлүндө болот. Дарылоо аялдар консультациясында жана гинекология ооруканада. Ири ишканаларда акушер-гинеколия кабинеттерде жүргүзүлөт. Айыл жеринде оорукананын врачы жана акушер-фельдшер райондун акушер-гинекологунун жетекчиси менен жардам көрсөтүшөт. Гинекология ооруларырын гинекология изилдейт.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 âäġǎèЫЛВЭОФТАЛЯАÈèËĚĩũФОЭЖДЫДВЛВЛКЛТВ1556ФЙРЯ010110 10ВПВВАОАФЛПЛЫАОЫСОВОВЛВАОВЫШЛ ЫДВЛБЬБЫЬИЧОЙКД ЦЫЯИИЯРЫЫТОТЫСОЫГРЫГКАЯЫШРГШ ЯВФЧИИВРКЧИЫВУП ЯОЯСВПТРРЫАФЫРРФРРФПНКУЧИИССВнкГ4Н8ГЦШЩСПЕОАС8569745ФЙВРЕЦАУРОФЫОПИВЬФЬЫООЫОЫВАОВОГВФТП ФУЫВУ