Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитети
орус. Государственный комитет национальной безопасности Киргизской Республики, ГКНБ КР
Кыска аталышы

КР УКМК

Урааны

«Милдет, Намыс, Ата-Мекен»!

Негизги маалымат
Негизделген

20-ноябрь 1991 жыл

Муруңку түрү

Кыргыз ССРинин КГБсы

Бүжети

$31.529.139[1] (2023)

Мамлекет

 Кыргызстан

Башкаруучулугу
Багынган

Садыр Жапаров

Жоопкерчиликтүү башчы

Камчыбек Ташиев

Түзүлүшү
Башкы штабы

Кыргызстан Кыргызстан: 720011, Бишкек, Эркиндик бульвары 71, Жибек-Жолу көчөсү 322

Багыныштуу органдар

УКМКнын Анти-Коррупциялык кызматы (АКК)
Кибер-Коопсуздук Камсыздоо Борбору (КККБ)
Анти-Террордук Борбору (АТБ)
Мамлекеттик Коопсуздук Кызматы (МКК)
Мамлекеттик Чегара Кызматы (МЧК)

Камсыздоочулар

Түркия Түркия,  Азербайжан

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитети же УКМК КРКыргызстандын мамлекеттик аткаруучу органы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918-жылы Үчтүн айынын 18де Бүткүл Орусия өзгөчө тергөө комиссиясынын төрагасы Ф.Э.Дзержинский баардык Советтерге жана Комитеттерге контрреволюцияга каршы бөлүмдөрдү ачууга муктаждыгы тууралуу телеграмма менен кайрылган.
Ошондон кийин Ташкент революциялык трибуналынын алдында контрреволюцияга, алып сатаарлыкка жана мародерчулукка каршы Тергөө комиссиясы ачылган.
Ушул эле жылдын Үчтүн айынын 12де Пишпек уездиде Советтердин съездинде Совет секциясы, ошондой эле 6-чы номер берилген, Тергөө секциялары түзүлгөн.
1918-жылы Чын Куран айынынын 22-де «Вестник комиссариата внутренних дел» гезитинде Бүткүл Россия өзгөчө тергөө комиссиясынын токтомунан текст жарыяланат. Ал текст боюнча:

  1. Баардык Советтерде жана райондордо аталган комиссияларды түзүү сунушталган.
  2. Бул өзгөчө комиссия (ӨК) контрреволюцияга, алып сатаарлыкка жана кызмат ордун кыянатчылык менен колдонууга каршы иш жүргүзөт.
  3. Мындан кийин камак, тинтүү, реквизиция, конфискалоо жана дагы ушундай сыяктуу иштерге өзгөчө комиссиянын гана укугу бар.

1918-жылы Аяк Оона айынын 5-де Туркестандагы Тергөө комиссиясы Өзгөчө кырдаал тергөө комиссиясына өзгөрүлгөн. Ушул эле айдын 9-да Өзгөчө кырдаал тергөө комиссиясынын түзүлүшү ТүркЦИКтин №35 буйругу менен закондоштурулган.
1918-жылы Тогуздун айынын 17-де Пишпек жана Каракол шаарларында да ушундай комиссиялар түзүлгөн.

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КР МУККнын түзүлүшү

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КР МУККнын официалдуу сайты Archived 2013-09-16 at the Wayback Machine

  1. https://rus.azattyk.org/amp/31017637.html