Рашид Aд-Дин

Wikipedia дан
Хамадандагы Рашид Ад-Диндин эстелиги

Рашид Ад-Дин Фазлаллах ибн Абу-л-Хайр Хамадани (1247-1318) - ирандык энциклопедиячы, тарыхчы жана мамлекеттик ишмер.

[оңдоо] Өмүр таржымалы

Хамадан шаарында туулган. 1298-жылдан Газан хандын, кийин Улжейту хандын вазири болуп, 20 жыл моңгол хандарында кызмат өтөгөн. Газан хандын реформаларынын демилгечиси болгон. Улжейту ханга уу берди деген жалаа менен дарга асылган.

[оңдоо] Эмгектери

Ал тарых, медицина, ботаника, эстетика, дыйканчылык жана курулуш техникасы, мусулман дини (сүннөт) боюнча эмгектерди жазган. Алардын ичинен Газан хандын өтүнүчү боюнча 1311- ж. жазылган «Жами ат-Таварих» («Тарыхтар жыйнагы») илимий эмгеги озгөчө маанилүү. Бул эмгекти жазууда булак катары моңгол жана түрк элдеринин оозеки мурастарын жана Махмуд Кашгари, Жувейнинин эмгектерин пайдаланган. Анда моңгол жана түрк урууларынын, Чыңгыз хан жана анын мураскорлорунун, династиялар менен мамлекеттердин, моңгол дөөлөтүнүн тушундагы Кытай, Борбордук Азия, Иран тарыхы баяндалган. Мындан тышкары Чынгыз хандын туң уулу Жучунун Енисей кыргыздарын кантип каратып алгандыгы, Жети-Сууда Чагатай улусунун түзүлүүсү, кыргыз мамлекеттик, кыргыздардын ошол доордогу коңшулары катары наймандарды, кори, баргу, тумат, байаут сыяктуу түрк жана моңгол урууларын көрсөткөн.
Кыргыздардын чакан мамлекетин «инал» титулу бар бийлик ээлери башкарарын, алардын бири Урус-инал экендиги айтылат.

[оңдоо] Колдонулган адабияттар

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде