13-январь

Википедия дан

январь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
2024-ж.

13-январь (кырг. Үчтүн айынын он үчү) — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 13-чү күнү, жылдын аягына чейин 352 күн (толук жылда 353) күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  •  Орусия — Орусиянын мөөр (печать) күнү
  •  Литва — Литванын эркиндикти коргоочулардын күнү

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1918-жылы — Дыйкандардын II областтык съезди аяктаган.
  • 1934-жылы — Фрунзе шаарында өткөн Кыргыз областтык VII партиялык конференцияда профессор Касым Тыныстанов сөз сүйлөгөн.
  • 1951-жылы — Фрунзеде троллейбус байланышы ишке киргизилген.
  • 2006-жылыБишкекте мамлекеттик тилге арналган республикалык жыйын өткөрүлгөн.
  • 2006-жылы — Эгемен Кыргызстандын тарыхында кийин арбын кездешкен кезектеги басып алуу аракети Ош областтык сотунда жасалган.
  • 2013-жылыКыргызстандык спортчу Айаал Лазарев Орусияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеген.
  • 2014-жылы — Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев сыртынан 12 жылга соттолуп, мүлкү конфискацияланган.
  • 2014-жылы — Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 820 миллион метр кубду түзгөн.
  • 2014-жылыАлмазбек Атамбаев Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун колдогон.

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1703-жылы — Биринчи орус басма гезити жарык көрүп, ал "Ведомости о военных и иных делах, достойных знания и памяти, случившиеся в Московском государстве и во иных окрестных странах" деген ыксыз узун аталыш менен чыккан.
  • 1840-жылыНью-Йорктон Стонингтонго багыт алган "Лексингтон" кемеси өрттөнүп, 140 киши каза болгон.
  • 1906-жылыАмерика Кошмо Штаттарындагы биринчи радиожарнама обого чыгарылган. Анда "Сайентифик американ" журналын сатып алып окугула" деген чакырык айтылып, ал кардарлардын купулуна толгон.
  • 1915-жылыИталиянын Авеццано шаарына жакын жерде күчү 7,5 баллга жеткен зилзала болуп, 32 600 киши көз жумган.
  • 1950-жылы — Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Советтер Союзунун кытай улутчулдар (азыркы Тайвань, мурдагы Формоз аралында орун алган) өкүлчүлүгүн БУУдан чыгаруу талабын четке каккан. Советтик делегация Коопсуздук Кеңештин чечимине жооп иретинде БУУнун жыйындарын 1-августка чейин бойкот жасап келген.
  • 1977-жылыАлма-Ата шаарынын аэропортуна конордо Ту-104 А учагы кырсыкка учураган. Учактагы 90 адам көз жумган.
  • 1990-жылыАзербайжандын борбору - Баку шаарында жашаган армяндарга карата массалык талоон, өрттөө, өлтүрүү башталган. Миңдеген адамдардын үй-жайлары тонолуп, 220 миңге чамалуу армяндар тышка качышкан.
  • 1991-жылыСоветтик аскерлер Литванын борбору Вильнюска киргизилген. Совет жетекчилиги аскерлердин киргизилишин Советтер Союзунун биримдигине доо кетирген кыймылга шылтаган. Аскер операциясынын натыйжасында телеборбор алынып, 15 адам өлтүрүлгөн.
  • 2001-жылы — Сальвадордо күчтүү зилзала болуп, 844 киши көз жумуп, 100 миңден ашуун турак жай кыйраган.
  • 2002-жылыАКШнын экс-президенти Жорж Буштун кезектеги чоң азилге айланган окуясы болуп өткөн. Ал туздуу крендель (печеньенин бир түрү) жеп жатканда какап кетип, бир канча секундга эсин жоготуп койгон.
  • 2014-жылыКазакстандын парламентинин депутаты Дарига Назарбаева баңгизатты медициналык негизинде колдонууну сунуштаган.
  • 2014-жылы — ФИФА тарабынан ыйгарылуучу “Алтын топ” байгесин Криштиану Роналду уткан.
  • 2014-жылы — Златан Ибрагимович ФИФАнын версиясы боюнча Ференц Пушкаш сыйлыгына ээ болгон.
  • 2014-жылы — Дүйнөнүн символикалык курама командасы аныкталган.
  • 2014-жылы — Юпп Хайнкес ФИФАнын версиясы боюнча “Мыкты машыктыруучу” болуп табылган.
  • 2014-жылы — Пеле футболго кошкон салымы үчүн “Алтын топко” ээ болгон

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]