"Багыш" эпосу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

“Багыш” – баатырдык эпос. Багыш баатыр жөнүндө «Манас» эпосунда айтылат. «Жедигердин эр Багыш», «Жедигердин Багышы» же болбосо «Эр Багыштын Суртелки» деген саптар менен катар эле

«Букардын тыяк бетинде,
Жетиөзөн деген жер бар.
Жетөзөндө жердеген,
Жедигер деген эли бар.
Ал жедигер ичинде
Багыш деген каны бар”» деген саптар Саякбайдын айтуусунда эскерилет. Багыш жөнүндөгү көлөмдүү эпикалык баян жалаң гана кызылсуулук кыргыздардын арасында кеңири тарабастан, алатоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасына айланган. Манасчы Жусуп Мамай «Манас» эпосунун сегиз муунунан сырткары кытайлык кыргыздар арасында тараган «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Мамаке Шопок», «Көбөн баатыр», «Тилекматтын баяны» сыяктуу алатоолук кыргыздарга белгисиз эпикалык чыгармаларды жаратуу менен бирге, «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаңыл Мырза», «Кыз Сайкал» сыяктуу эпостордун да варианттарын элге тартуулаган. «Багыш» баатырдык эпосу бир нече окуяны ичине камтыйт. Ал атасынан бийликти колуна алгандан баштап, калмак, тажик, манжу, түркмөн, чечен, каракалпак, маңгул, тейит, маңгыт, бараң, кызылбаш элдеринен чыккан Бака, Королдой, Көңтөй, Болот, Байтур, Челекбаш, кырк каракчы сыяктуулар менен кандуу кармашта өз намысын бербестен жеңишке ээ болот. Багыштын атасы Бай жедигер элин баатырдык көрсөтүп сактап турбастан, байлыгына таянып, алымын өз убагында берүү менен журттун тынччылыгын бузбай жашоо камын көргөн. Эпостун сюжетиндеги окуялардын өөрчүү процессинде жана анын негизги фабуласында Багыштын эрдиги жедигер элин баскынчы душмандарга кор кылбастан сактап калууга багытталган. Мына ушунун далили катары Багыш Көңтөйдөн запкы жеп качканда өз күчүн топтоп, кийинки жылы кол салууну максат кылып коёт да, кыргыз хандары менен баатырларына кайрылууну туура табат. Ал бул максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүнүн оң колу, бардык иштерди тайманбастан аткарып келген Байтекени Атбашыдагы Кошой дөөгө, Көкжайыктагы Текечиге, Самаркандын сыртындагы Жамгырчы менен Шыгайга, Бозбелдеги Көкөтөйгө барып сырдашкын деп жөнөтөт. Атбашыга келгенде Кошой дөөнүн акылы менен Байтеке кыргыз хандарына барбастан, кайрылып элине келет. Кошойдун кеңеши менен Багыш келген жоого сокку берип турат. Башка эпикалык чыгармалар сыяктуу эле «Багыш» эпосунун сюжети ар кыл темадагы эпикалык окуялар циклдеринен куралган. Сюжетти бириктирип жана болуп жаткан окуянын карым-катыштарын өөрчүтүп, өнүктүрүп турган эпикалык окуялар башкы каармандын тегерегине топтоштурулган. Тынчтык, көзкаранды эместик сыяктуу элдик идея иш жүзүнө ашырылган. Эпос манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда 1991-жылы Үрүмчү шарында араб арибинде басылган жана Кыргнда 30 томдук «Эл адабияты» сериясында жарык көргөн.

Колдонулган дабияттар.[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1