"Манас" эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери

Википедия дан

"Манас" эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери — фольклорчу окумуштуулар 3. Мамытбеков менен Э. Абдылдаевдин эмгеги (Фр., 1966).

Эмгек эки бөлүмдөн турат.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

З. Мамытбеков жазган «Октябрь революциясына чейин «Манас» эпосун жыйноонун жана изилдөөнүн тарыхы» деген бөлүмдө «Мажму ат-таварих» («Тарыхтардын жыйнагы») аттуу жыйнактын «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарына, ошондой эле 19-кылымдын орто ченинде

Ч. Валиханов менен В. В. Радлов тарабынан жазылып алынган «Манас» эпосунун үзүндүлөрүнө тарыхый-этнографиялык жана адабияттык жактан талдоо жүргүзүлгөн. Автор изилдөө процессинде чыгарманын тарыхый-этнографиялык жагын талдоого көбүрөөк көңүл бурган.

З. Абдылдаев жазган «Манас» эпосу менен алтайлыктардын баатырдык поэмаларынын эпикалык катышы» деген бөлүмдө негизинен «Манас» эпосунун байыркы катмарлары алтайлыктардын баатырдык эпостору менен тарыхый типологиялык салыштыруу жолу аркылуу белгиленет, анын эволюциялык өнүгүү процесстери көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге кыргыздар менен алтайлыктардын тарыхый байланышы жана эпикалык чыгармаларды аткаруучулар жөнүндөгү маселелер илимий талдоого алынат.

М. Мукасов

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4