"Таңкы тамак" клубу

Википедия дан

""Таңкы тамак" клубу" (англ. The Breakfast Club, орус. Клуб «Завтрак») -1985-жылы Жон Хүгс тартып, жазып жана продюсерлик кылган эрезеге жетүү тууралуу комедиялуу драма. Тасмада Эмилио Эстевез, Пол Глисон, Энтони Майкл Холл, Жуд Нелсон, Молли Риңволд жана Элли Шииди тартылышкан. Тасмада мектептин ар кайсы топторунан келген беш өспүрүм ишемби күнү чогуу камоого алынгандан кийин, бири-бирин жакындан таанып мектептеги катаал эрежелерден улам алар ойлоп жүргөн стереотиптер туура эмес экендигин түшүнүшөт.

Тасманын бет ачаары 1985-жылы, 7-февралда Лос-Анжелесте өткөн. Тасманы 1985-жылы, 15-февралда "Universal Pictures" АКШнын кинотеатрларында жайылткан. Тасма киносынчылардын мактоосуна арзып, 1 миллиондук бюджет каржылоо менен 51.5 миллион АКШ долларын таба алган. Киносынчылар бул тасманы мектеп тууралуу тартылган эң мыкты тасмалардын бири деп эсептешип, Хүгсдүн эсте калаарлык жана белгилүү иши деп белгилешкен. Ал эми медия тасмадагы беш баш каарманды "Брет Пэк" аттуу топтун мүчөлөрү экендигин белгилешкен.

Тасманын аталышы Нью Трир мектебиндеги эртен мененки камоодон улам мектеп окуучулары жана иштегендер тарабынан ойлоп табылган. Бул мектепте Жон Хүгсдун досунун уулу окуган. Башкча айтканда сабак башталганга чейин камоого алынган окуучулар ""Таңкы тамак" клубунун" мүчөлөрү деп аталышат. Тасма 2016-жылы Конгресс Китепканасы тарабынан"маданий, тарыхый, эстетикалык жактан маанилүү" деп табылып, Американын Улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган.

2015-жылы тасманын 30 жылдык мааракесинде тасма кайрадан жаңыланып 430 кинотеарда көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]