«Автомаш-Экол»

Википедия дан

«Автомаш-Экол» - жабык акционердик коом (1997). «Кыргызавтомаш» акционердик коому менен «Ekol Akumulator Sanaii ve ticaret limited sirketi» Түркия фирмасынын ортосундагы макулдашылган келишимдин негизинде уюшулган. Автомобиль жана тракторлор үчүн коргошун кислоталуу стартердин, аккумулятордун батареяларын жасап чыгарат. Жылдык кубаттуулугу 25 000 аккумулятор батареяларын жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркаларда ишкананын продукциясы бир нече жолу Алтын медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1