«Ашыг-Гариб»

Википедия дан

«Ашыг-Гариб»Кавказ жана Жакынкы Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжандарда «Ашыг-гарибдин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-кылымдагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтөрүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат менен келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душмандарын жеңип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү менен энесинин көзүн айыктырат. «Ашыг-Гарибдин» сюжети боюнча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков жана Р. М. Глиэр опералар жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1