«Бахр ал-Асрар фи Манакиб ал-Ахйар»

Википедия дан

«Бахр ал-Асрар фи Манакиб ал-Ахйар» - («Айкөлдөрдүн чыгаандыгы тууралуу сырлар деңизи») — орто кылымдын соңку мезгилинде Балх аймагынан чыккан окумуштуу тарыхчы Махмуд ибн Валинин чыгармасы. Астрология, география жана жалпы тарыхты камтыган көлөмдүү бул эмгек 1634-41-ж. перс тилинде Балх ханы Надир Мухаммад хандын тапшырмасы боюнча жазылган. Чыгарма энциклопедиялык мүнөздө жазылып, ар бири 4 бөлүмдүү 7 томдон турган китеп. Астрономия, тарыхый география, минералогия, ботаника, ветеринария сыяктуу тармактарды камтыган 1-тому жана Чыңгыз хандын доорунан Аштарханиддер династиясынын бийлик жүргүзгөн мезгилин камтыган 6-томунун кол жазмалары бизге жеткен. 6-том 4 бөлүмдөн жана жыйынтыгынан турат да, 1-бөлүмүндө Чыңгыз хандын жана анын Кытай, Ирандагы урпактары жөнүндө окуялар баяндалган; 2-бөлүгүндө Мавераннахрдагы, Моголстандагы жана Чыгыш Түркстандагы Чагатайлардын, 3-бөлүгүндө Жучу жана Шейбаниддердин окуялары, акыркы бөлүгүндө Аштарханиддер жана алардын ата-бабаларынын, ал эми жыйынтыгында ар кандай түрк уруулары жөнүндө маалыматтар жана Индияга жасалган саякат жөнүндө баяндалган. Бул чыгармада, ошондой эле кыргыз-моңгол байланыштары, уруу башчыларынын аттары, жерлердин аталыштары жөнүндө да маалыматтар берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4