«Лугат»

Википедия дан

«Лугат» - манжур, монгол, тибет, кытай, уйгур тилдеринин үч томдук салыштырма сөздүгү.

Ал Пекинде 1957жылы улуттар басмасында эски нускадан сүрөткө тартуу аркылуу чыгарылган. 18 миң сөз камтыйт. «Лугаттын» нускасында бет ачар болбогондуктан анын качан жазылганы, авторлору кимдер экени белгисиз.

Мазмунуна караганда «Лугат» 1771-жылы чыккан «Толук манжурча лугаттын» негизинде түзүлгөн. «Лугаттагы» атамалар манжур, монгол, тибет, кытай, уйгур тилдеринде берилген. Тибетче сөздөр манжур жазуусу менен эки түрдүү транскрипцияланган, уйгурча сөздөрдүн да ар кандай окулары көрсөтүлгөн. «Лугат» - тилчилерге, өзгөчө түркологдорго керектүү материалдарга бай казына.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9