Мажму ат-таварих чыгармасындагы "Манас" эпосунун сюжети

Википедия дан
«Мажму Ат-Таварих»‎»‎ барагынан багытталды)

«Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») — ферганалык Сейф ад-Дин Аксыкентинин жана анын уулу Нооруз-Мухаммеддин эмгеги. Ал 16-кылымдын башталыш чендеринде жазылган. Анда ар кыл мезгилдердеги каармандар, тарыхый окуялар аралаштырылып, уламыштар менен байланыштырылып берилген. Жалпысынан бул эмгекте көптөгөн диний, фантазиялуу уламыштар менен катар 9—15-кылымда болуп өткөн тарыхый окуялар, фактылар чагылдырылган. Маселен, Манас баатырга каршы согушта, фактылар чагылдырылган калмак кол башчысы Жолойдун аскерлеринин ичинде Манжурияда жашаган солон, шивэй урууларынын болушу тарыхый фактыларды элестетет. Кытай тилиндеги эмгектердеги маалыматтар боюнча Або башчылык кылган Эне-Сай (Енисей) кыргыздарынын аскерлери 848-ж. Улуу Хинганда жашаган солон, шивэйлерге жортуул жасап, аларды жеңип кайтышкан. Бул окуя кийинчерээк «Манас» эпосунда чагылдырылып калышы ыктымал. «М. а.-т-те» кара кытайлардын Гурканы (12-к.), чагатай Дува-кан (13-к.), хорезм-шах Мухаммед (13-к.), Чыңгызкан (12 — 13-к.) анын уулу Тулуй, Алтын-Ордонун каны Токтомуш (16-к.), Моголстан мамлекетинин башкаруучусу Кысыр-Кожо (14-к.) сыяктуу жыйырмадан ашык тарыхый адамдар эскерилет. Мындан тышкары ондогон этнонимдердин аталыштары кездешет. Ошондой кылымдагы тарыхый булактардын ичинен «М. а-т-те» Манас баатыр жөнүндө маалымат биринчи жолу жазылган. Анда Манас жана анын тарапташтары калмак баскынчыларына каршы согуштары сүрөттөлгөн. Бул окуялар Тянь-Шань, Жети-Суу жана Орто Азиянын аймагында өтөт. Жыйнакта кыргыз элинин этнографиясына тиешелүү баалуу маалыматтар, анын ичинде кыргыз уруулары жөнүндө генеологиялык таблица да бар. Жыйынтыктап айтканда «М. а.-т.» кыргыз элинин тарыхын, этнографиясын жана «Манас» эпосун изилдөөдө баалуу эмгек болуп эсептелет. Бул эмгек «Тарыхтар жыйнагы» деп аталып, узак убакытты камтыган тарыхый маалыматтар баяндалганына карабастан «М. а.-т.» — өз алдынча көркөм чыгарма. Бул чыгармага тарых кабарлары менен катар санжыра, улама, уламыш, жомок-эпос жана башкалар сыяктуу материалдар булактык милдет аткарган. Ошол булактардын ичинде «Манас» эпосунун орду да кыйла орчундуу. Буга кол жазманын негизги мазмуну кыргыз элинин, айрыкча, Манас баатырдын иштеген иштерине арналышынын өзү да күбө.

Кол жазмада «Манас» эпосу жөнүндө сөз жок, Манас баатыр, анын калмактарга каршы күрөшү, бул күрөштө кимдер ага жардам бергени жана башкалар жөнүндө айтылат.


Демек, Манас көркөм чыгармада эпостун каарманы эмес, тарыхта чыныгы болгон адам катары мүнөздөлөт. Анын үстүнө Манас менен ымалалаш болгон, ага жардам берген адам аттарынын басымдуу көпчүлүгү тарыхта белгилүү адамдар. Ошондой болсо да кол жазмада «Манас» эпосунун материалдары пайдаланылган. Анткени, эпостун бүгүн илимге белгилүү бардык варианттарында туруктуу кезигүүчү Манастын атасы Жакып, жердеген жери Талас, жакын жардамчылары кырк жигити, негизги душмандарынын көрүнүктүүлөрүнүн бири калмактын каны Жолой делген маалыматтар, эпостун айрым эпизоддорунун сюжеттик нугу кол жазма менен кийинки варианттарда бири-бирине окшош мүнөздө кайталанат.

Кыргыздардын түпкү тектери, урууларга бөлүнүшү, жашап турган жерлери жана башкалар маалыматтарды эске албаганда «М. а.-т-теги» түздөн-түз Манаска жана «Манас» эпосуна тиешеси бар кабарлар булар: каркыралык кыпчактарды жаш Жакып бек башкарып турганда аларга калмактардын каны Чункча кол салып, жеңилген кыпчактар Оң кандан жардам сурашат. Анын жардамы менен Чункчаны кайра сүрүп кубалашат. Жакыптан Манас, калмак каны Чункчадан Жолой туулат. Атасы өлгөн соң анын ордун ээлеген Жолой Оң кандын өлгөнүн угуп, Жакып бектин турагы Кара-Кыштакка кол салып кыйратып чаап, Жакыпты колго түшүрүп алат. Аны туткундан каркыралык кырк жигити менен Таластан келген 12 жаштагы Манас куткарат. Жолой Манаска каршы Таласка, андан кийин Манас эли менен көчүп кеткен Чаткалга жортуул жасайт. Кырк жигити менен жоого каршы турган Манаска Токтомуштун тууганы Аңчы төрө, Токтомуш өзү жардам берет. Токтомуш «Манас» шаарын салдырат. Токтомуш менен Жолой жарашып, уруш бүтөт.

Башка элдер менен согушуп жүргөн Токтомуштун жоктугунан пайдаланып, Жолой солон-шибээлерди баштап Кара-Кыштак, Манасия шаарларына жортуул жасайт. Манас Аңги төрөнүн жардамы менен калмактарды кайра сүрөт. Жолойдун дагы бир чабуулу Токтомуштун жардамы менен токтотулат. Бул жолу да жеңилип калган Жолой Манасты уулантып өлтүрүүнү чечип, Тубай (балким Түбөй) деген чыккынчыга өз кызын алып берип, беш калмакка башчы кылып Манаска жумшайт. Ал «Туткундан качып келдим», — деп Манасты ишендирет да, ыгын келтирип уулантат. Манасты өлүмдөн ууга каршы дары берип Сейф Жалал ад-Дин аман алып калат Эки ай өткөндө Жолой Кара-Кыштакка чабуул коёт, Манаска Кара кожо, Каңбай баатыр жардамга келет. Бирок, Жолойду жеңе алышпайт. Аңги төрө жиберген анын уулу Мухаммад бек колу менен келип, чоң согушта Жолой өлөт. Согуш токтоп, Манас Кара-Кыштакка кайтат. Кол жазмадагы Манастын өзүнө тиешелүү маалыматтар ушуну менен бүтөт, анын өлүмү, тукумдары жөнүндө эч кабар айтылбайт.

«Манастын» мазмуну, окуяларынын курамы ошол тарыхый шартта бүгүнкү варианттардагынын так өзү эмес. Ошондуктан, кол жазмада баяндалган Манаска тиешелүү маалымат-кабарлардын кайсыларын автор эпостун өзүнөн же башка булактардан алганын, эмнелерди өзү кошумчалаганын так ажыратып айтуу мүмкүн эмес. Бирок, чыгарманын түрдүү учурларда кагаз бетине түшүрүлгөн тексттерине, көптөгөн варианттарындагы кабарларга таянып болжол менен «М. а.-т-тин» автору эпостон пайдаланган материалдарга кайсылар жатарын жоромолдоого болот. Алар эң алды менен кыргыздардын калмактарга, башкача айтканда Манастын Жолойго каршы күрөшү менен байланыштуу. Буга «Манастын» өткөн кылымдын орто чендеринде кагаз бетине түшүрүлгөн тексттери күбө. Айрыкча, Радлов жазып алган вариантындагы материалдар баалуу. Бул вариант боюнча Манастын душмандары катары кыргыздарга коңшулаш жашаган уруу, элдердин кандары эскерилгени менен баатырга башкы душман делип калмак каны Жолой эсептелет. Кийинки манасчылардын дээрлик бүт баарында Манаска каршы турган негизги душман Коңурбай делсе, В. В. Радловдо анын аты аталганы менен Жолой сыяктуу биринчи планда турбайт. Варианттагы кенен сүрөттөлүп берилген согуш да Манас менен Жолойдун ортосунда жүргүзүлөт, ал согушта Жолой өлөт. Бул фактылар «М. а.-т-теги» Манаска таандык маалыматтар менен Радлов жазып алган вариантындагы сюжеттик нуктун ортосунда байланыш бар, ал нук айрым өзгөрүү, толуктоолорго учураганы менен негизги өзөк кол жазма жазылган шарттан бери 19-кылымдын экинчи жарымынын баш чендерине чейин өкүм сүргөн деп айтууга негиз бар.

«Манас» эпосунун илимге белгилүү варианттарындагы окуялар, кабарлар менен «М. а.-т-те» берилген айрым маалыматтардын окшоштуктарын, жакын белгилерин системалуу окуялар түрүндө эмес башка көптөгөн жеке эпизоддордон, өзүнчө айтылган окуялардан да байкоого болот. Мисалы, эпостун Сагымбай Орозбаковдун вариантында, Саякбай Каралаевдин вариантында жана башкалар көрүнүктүү манасчылардан жазылган тексттерде кыргыздардын башында турган белгилүү кан (Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ногой, Саякбай Каралаевдин вариантында Каракан жана башкалар) өлгөндө душмандары басып кирип мал-мүлкүн олжолоп, Ногойдун (Каракандын) балдарын туш-тушка бөлүп айдап жибергени айтылат «М. а.т-теги» «Манаска» таандык маалыматтар да негизинен ушуга эң жакын көрүнүштөрдү сүрөттөөдөн башталат: Жолой Оң кандын өлгөнүн угуп, Жакып бектин турагы Кара-Кыштакка жортуул жасап, чаап алып, Жакыпты колго түшүрөт. Жакыпты туткундан 40 жолдошу менен уулу Манас бошотот. Эки тексттин жазылыш аралыгында төрт жүздөн ашуун жыл убакыт өткөнүн эске алганда айрым деталдык айырмачылыктар болгону менен негизги нук эки окуяда тең бирдей. «М. а.-т-те» жогоркуга улай эле Жолойдун Манаска каршы аттанып, Таласты камаганы айтылат Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Коңурбай көп кол менен келип Таласты камаганы өзүнчө чоң эпизод. Биринде Жолой, экинчисинде Коңурбай делгени менен көп жоонун Таласты камап согушуусу бир негизден экени шексиз же окуялардын жалпы өнүгүш нугунда анча чоң мааниге ээ болбогон майда деталь мүнөздөгү кабарлардын катарына жатуучу Манастын урматына «Манасия» шаарынын салынышы кол жазмадагы мүнөзгө жакын эле эпосто да эскерилет. Болгон айырмасы «М. а.т-те» Манастын көзү тирүү кезинде эле шаарды ага арнап тарыхтагы белгилүү адамдардын бири Токтомуш кан салдырды десе, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча баатырдын урматына аталган шаар экендиги гана эскерилип, ким тарабынан, качан салынганы деталдаштырылып чечмеленбейт. Эки кабардын бири менен генетикалык тектештиги бар болуу мүмкүндүгү көңүл бурууга арзырлык фактылардан.

Кол жазмадагы маалыматтардын ичинен «Манас» менен түздөн-түз тиешеси бар эпостун белгилүү болгон кийинки тексттеринин дээрлик бардыгында орчундуу мааниге ээ, туруктуу өзөк окуялардын бири катары орун алган чоң эпизод «Көзкамандардын окуясы». «М. а.т-те» да, «Манастын» варианттарында да маалыматтын өзөгүн түзгөн окуя Манас баатырды кастык ой менен өз тууганы уулантышы. Деталдык белгилери боюнча эки материалдын арасында бир катар айырмалар бар, бирок жалпы нук, негизги схема экөөндө тең бир жана бир булакка негизделгендигинде шек жок. Мисалы, Манасты уу берип өлтүрүп кел деп Жолой жумшаган Тубайдын өзү туткундагы адам, түбү кыргыз. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кытайдын башкы каны Карыкан Манасты өлтүрүп келгиле деп жиберген Көзкаман, Көкчөкөздүн да теги кыргыз, колго түшкөн туткундагы кулдар. Жолой Тубайга өз кызын алып берип, калмактарга баш кылып, анан жиберет. Карыкан да Көзкамандарга Манастын көзүн тазалап келсеңер «алтын таажы кийгизип, алтын такка мингизип, Чоң Бээжиндин кандыгын берем», — деп убада кылат Ырас, Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкамандарга Карыкан кызын бергени айтылбайт, бирок Манаска каршы аттанган Көзкаман, Көкчөкөз, Желтийбес, Чаңдууаяк, Орозон бешөөнүн ар биринен тогуздан уулдары бар, демек алардын аялдары калмак, бекеринен Көзкамандарды Каныкей алар калмак, калмак да тууган болмок беле деп эсептебейт. Эки материалдагы орчундуу айырмачылык — кол жазмада ууландырууну калмак Жолой, ал эми эпостун вариантында кытай каны Карыкан жибергени. Бирок, бул фактыны чоң айырма дешке да болбойт. Анткени, эпос боюнча экөө тең кыргыздардын салттуу эпикалык душмандары. Анын үстүнө «Манаста» адат катары калмак менен кытайлардын арасы так ажыратылып, чек коюлбайт, аралаш айтыла берет. Буга Көзкаман, Көкчөкөздөр жөнүндө сөз жүрүп жатканда алар манжулар, кыргыздарды чапканда кара калмактардын колуна түшүп кеткен кулдар эле дегендик да күбө. Ал эми кол жазмадагы Жолойдун Карыканга, Тубайдын Көзкаманга айланып айтылуусу эпосто адаттагы көрүнүштөрдөн. Буга Манастын теги ар башка айтылуусунун өзү да күбө. Манас баатырдын ууланышы жөнүндөгү окуянын бүтүшү да эки нускада көп жагынан бири-бирине жакын: Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манасты жалгыз өз үйүнө чакырып келишкен Көзкамандар ага уу беришет. Баатырды өлүмдөн Акаярдын жардамы менен аны ала качкан Каныкей сактап калып, Кайыпчынын зоосундагы үңкүргө алып барып багат. Өлүм алдындагы Манасты Багдаддан атайын алдырып келген дары менен дарылап айыктырат. Кол жазма боюнча ууланган Манасты катуу дарттан Жалал ад-Дин шейх атайын издеп барып дарылап айыктырат. Эпостун варианттарындагы касиеттүү шаарлар Мекке, Мисир, Багдаддан издетип жүрүп таап келген дары менен айыктыруусу касиеттүү шейхтин өзү атайылап издеп келип айыктырууга үндөшүп турганы күмөнсүз.

«М. а.-т-теги» Манаска тиешелүү маалыматтар кара сөз түрүндө берилген. Бирок, айрым жерлерде ыр үлгүлөрү да учурайт. Буга караганда кол жазмага булак болгон эпостук чыгарма же жалаң ыр түрүндө же ыр менен кара сөз аралаш түзүлгөн болсо керек деген жоромолго негиз берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4