«Шоро» компаниясы

Википедия дан

«Шоро» компаниясы - 1992-ж. Жабык акционердик коом болуп түзүлгөн.

Бул компания Кыргызстандагы улуттук суусундуктарды «Максым Шоро», «ЧалапШоро», «Жарма Шоро» өндүргөн жалгыз ишкана. Ошондой эле «Ноу-Хау» заманбап технологиясын колдонуп, кымыз даярдайт. Газдалбаган «Легенда», газдалган «Байтик», минералдык «ЫсыкАта», «Бишкек» жанаашканалык «Ала-Арча» минералдык сууларын өндүрөт. Газдалбаган «Легенда» суусу заказ боюнча, 19,0 л суу баткан идиштер менен кеңселерге жана жеке адамдарга жеткирилип берилет. Өндүрүлгөн продукция 14 региондук дилер жана өлкөнүн түштүгүндөгү филиал аркылуу сатылат. Казакстандын Кордой шаарында максым жасоочу завод курулуп, Алматыда дистрибью тордук контора ачылган. Компания жергиликтүү минералдык сууларды өндүрүүдө Кыргызстандарттын жана Малайзия өкмөтүнүн колдоосу менен алгачкылардан болуп сертификат алган. Кыргыз менен казак элинин улуттук суусундугу «Максымды» жасап сатуу идеясын компаниянын президенти Tабылды Эгембердиев 1987-ж. көтөргөн. Бул идеяны энеси Сүйүн жана иниси Жумадыл колдойт.

Аламүдүн районундагы Арашан кыштагында 1992-ж. 25-майда 80 л максым үй шартында кол эмгеги менен даярдалып, сатыкка чыгарылган. Ошонун негизинде «Шоро» фирмасы негизделген. Кийинчерээк өндүрүштүн көлөмү 1,5 гга жетип, 25 жумушчу эмгектенген. Андан түшкөн кара-жатка өндүрүш үчүн жабдуу алынып, компания кеңейе берген. Учурда суткасына 70,0 т га чейин «Максым Шоро» өндүрүлүп (желим бөтөлкөлөргө куюлат), 700 жумушчу, соодада 1441, администрацияда 132 адам эмгектенет. Компания 1999-жылдан минералдык жана ашкана сууларын, 2000-жылдан жаңы технология колдонуп, кымыз даярдап (сактоо мөөнөтү 6 ай), анын 70% и 2001-жылдан Москва шаарына экспорттоло баштаган.

2004-жылдан жарманын «Тойбос», чалаптын «Тагай» түрлөрү өндүрүлгөн. Бул фирма Беш-Белчир-Арашан (көмүр кычкыл газдуу, гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү суу) жана Күмүш-Булак минералдуу булак сууларын пайдаланат. 2002-ж. фирманын 10 жылдык юбилейи болуп, чоң ишчара өткөрүлгөн (буга россиялык (Алсу ж. б.) жана кыргызстандык белгилүү ырчылар чакырылган). Ошондой эле 2004-ж. жаштар арасында «Шоро лидерлер фабрикасы» интеллектуалдык конкурсу өткөрүлгөн. Ага 3000 студент катышып, 35и конкурстан өтүп, кошумча тренингде билим алышкан. Алар компанияга кызматка орношушкан.

Кийинчерээк Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында «Клиникалык медицинада «Максым Шоро» суусундугун колдонуунун тажрыйбасы» деген республикалык илимий-практикалык, медициналык конференция өткөрүлгөн. Бул конференциянын материалдары Борбордук Азия медицина журналына жарыяланган. Компаниянын китепканасындагы менеджмент, маркетинг жана сатуу боюнча китептерди кызматкерлер колдонуп келет. Эл аралык ТАМ программасы (Европалык өнүктүрүү жана реконструкция банкы каржылайт; тамак-аш өнөр жайы үчүн адистерди даярдайт) менен кызматташып келет.

Бул чаралар «Шоронун» заманбап өндүрүшчү болушуна шарт түзөт. 1999-ж. «Шоро» кичи ишканасы АОЗТ «Шоро фирмасы» болуп аталып, Бишкектеги Сүт заводунун аймагына көчүрүлгөн. Фирманын президенти Эгембердиев Табылды «Жыл жетекчиси» наамын алат (2001), фирма «Сапат» конкурсунда лауреат болуп, 2003-ж. эл аралык № 1 сертификат алат. 2005-жылдан бозо чыгарыла баштаган.

«Шоро» Жабык акционердик коомунун негиздөөчүлөрү бир туугандар Эгембердиевдер Табылды жана Жумадыл экөө тең Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүшүп, кесиптери инженер-куруучу. Кызыл-Ой кыштагында туулган. Алар Республикага белгилүү бизнесмендерден. Теги суусамырлык, кожотай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9