Мазмунга өтүү

Эгембердиев, Табылды Бердигулович

Википедия дан
Табылды Эгембердиев
Коомдук ишмер, ишкер Табылды Эгембердиев.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Таабалды (Табылды) Бердигулович Эгембердиев
Туулган жылы: 1951-жыл 14-үчтүн айы (январь)
Туулган жери: Бухара айылы, Суусамыр өрөөнү, Нарын облусу
Каза болгон жылы: 2015-жыл, 16-бугу айы (май)
Каза болгон жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Компаниясы: “Шоро”, “Супара” этнокомплекси
Ишмердүүлүгү: ишкердик, публицистика, саясат (1990-92-жж. КДКнын Башкармалыгын жетектеген)
Альма-матер: Фрунзе политехникалык институту
Коомдук салымдары: меценаттык, демөөрчүлүк
Сыйлыктары:

Табылды (Таабалды) Бердигул уулу Эгембердиев (14.01.1951-ж. туулган, мурдагы Жумгал району, Бухара айылы - 16.05.2015, Бишкек ш.) – кыргыздын белгилүү ишкери, публицисти жана демократиячыл маанайдагы коомдук ишмери.

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табылды (кийинки паспортунда - Таабалды) Бердигулович Эгембердиев 1951-жылы 14-январда Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндө, ал кезде Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун (азыркы тапта Чүй облусуна карайт) Бухара айлында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө туну болгон. Атасы дүйнөдөн эрте өткөн.

Иниси Жумадыл улуу агасы Табылды тууралуу мындай дейт (“Бишкек таймс”, 2004-жылдын 13-февралы):

“Биз кичинекей кезибизден атасыз өстүк. Анан апам бизди бири-бизге ынак, тартиптүү, ынтымактуу болууну көп айтчу. Табылды агам үй-бүлөдө эң улуубуз болгондуктан, биз анын сөзүн эки кылалчу эмеспиз, жада калса "сен" деп айта албайбыз. Ортобузда чоң сый бар”.

Табылды 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин бүткөн.

1990-жылы 26-майда "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылынын - КДКнын Уюштуруу конференциясында КДКнын Башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

1991-жылдын февралынан тартып КДКнын идеология боюнча катчысы болуп иштеген.

Белгилүү публицист Табылды Эгембердиев бир тууган иниси Жумадыл Эгембердиев менен 1992-жылдан бери улуттук суусундук - максымды ачытуунун эң ургаалдуу технологиясын өздөштүрүү жана өндүрүшкө башка да элдик суусундуктарды чыгарууну киргизүү менен алектенет.

Анын компаниясы бул улуттук суусундукту өндүрүүнүн эң татаал технологиясын иштеп чыгып, аны өндүрүш жолуна коюп, европа суусундуктарын өндүрүү деңгээлине чейин көтөрүп, теңеди. Буга кошумча кымызды жана булак суусун дүйнө элине таанытып келет.


“Обон” гезитине курган маегинде (25.1.2010) кантип жарма сатуу ою пайда болгонун ал мындайча эскерет:

“1992-жылы максым сатсак кандай болот дедим, идея меники болду, иним колдоду. Максым жакшы ийгилик жаратаарына көзүм жетти. Анткени үйгө келген коноктордун алдына кола, лимонад койсоң ичпейт, максымды болсо талап кетишет. Башында апам баштап берди. Биздин үйдө нан жебей, эт жебей калган күндөр көп болгон, бирок максым ичпей калган күн болгон эмес. Максым жасабай калыш апам менен чоң апам үчүн трагедия болчу. 1968-жылы шаарга окууга келген кезим. Бир курдай Орто-Сай базарына барсам, эки келин максымын чакага куюп алып, базардын артындагы даараткананын артында милиция кызматкерлеринен жашынып сатып жүрүшөт. Ошондо "Максымды эмнеге уурданып сатышат" деп намыстанып, кыргыздын улуттук суусундугун кеңири жайылтам деп намыс үчүн баштадым. Үй -бүлөбүз менен биригип устав жаздык, кийин ошонун баары аткарылды”.

1992-ж. "Шоро" компаниясынын Президенти.

Ишкер-бизнесмен.

Кыргызстанда көркөм өнөр, маданият, көркөм адабият, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн ар кыл долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон демөөрчү инсан катары таанылган.

Ал негиздеген "Супара" улуттук этнографиялык комплекси жана "Супара-Чуңкурчак" эс алуу жайы - Кыргызстандагы эл аралык туризмдин каттамдар картасына кирген олоуттуу жайларга айланган.

2014-жылдан тартып рак оорусу менен алышты. Германияда дарыланды.

2015-жылдын бугу (май) айынын 16сында Бишкек шаарында каза болду.

Үч бир тууугандын улуусу. Жубайы Жаңылсынзат Турганбаева Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин бүткөн. Учурунда ал да КДКнын саясий иш-аракеттерине катышкан.

Алты балалуу (үч кыз, үч уулу) болду, кызы Назгүл оорунун айынан эрте каза болду.

Алмаз (1971), Назгүл (1973-2012), Кайрат (1982), Салтанат (1985), Айдар (1998), Айдана (2000).

Ордо боюнча өлкө чемпиондугун каржылоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы бештин айында (декабрда) Т. Эгембердиев Кыргызстандын Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облусунан келген оюнчулардын таймашын Бишкектеги “Супара” комплексинде өткөрдү.

Ордо федерациясынын президенти Табылды Эгембердиев оюндун байге фондуна 100 миң сом акчалай сыйлык бөлүп, оюнчулардын жол акысын да өз чөнтөгүнөн каржылады.

Коомдук ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Шоро" компаниясынын президенти.

Кыргыз Республикасынын "Ордо" Федерациясынын президенти

Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын Ассоциациясынын мүчөсү.

"ШОРО" фирмасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

720044, Бишкек ш., ул. Орджоникидзе көчөсү, 82 Тел.: 424526 Факс: 540872

Наамдары. Сыйлыктары.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Суусамыр. Энциклопедия. - Бишкек, 2010.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Дордойдун урпагы: Даректүү жыйнак / Түзүүчү Гүлмира Мамбеталиева. – Бишкек, 2011. – 236 бет. – ISBN 978-9967-26-344-4.
  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]