Аары уусу

Википедия дан
Бал аары (Apis mellifera).

Аары уусу жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү химиялык аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин жана башкалар болот. Аары уусу кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол менен 0,2-0,3 мг уу бөлүп чыгарат жана ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция менен жооп кайтарат. Аары уусу элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. Аары уусунан 1-жолу 1927-ж. Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. Аары уусунун препараттары кызылжүгүрүк, куяң жана башка четки нерв системасынын, кантамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр жана башка ооруларына суюк май түрүндө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1