Абакир Калыбеков

Википедия дан
Калыбеков Абакир
Туулган жылы:

1952-жыл

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Астрономия, Физика

Альма-матер:

Ош мамлекеттик университети

Калыбеков Абакир (1952) - астрономияны окутуунун методикасы боюнча адис, физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу (2008). Ош мамлекеттик педагогика институтунун бүтүрүүчүсү (1972). 2009-жылдан «Кыргыз жыл санагынын астрономиялык негиздери» деген темада илимий-изилдөөнүн үстүндө иштеп келет. Бул изилдөөнү ишке ашыруу жана астрономия курсун окутулушун жолго коюу максатында А.Калыбековдун жетекчилиги менен Кыргыз улуттук университетинде обсерватория курулуп, TAJI-2 телескоп-рефлектору, SAXON 60700 телескоп-рефрактору, АТ-1 астрономиялык теодолити жана CANONA480 фотокамерасы менен жабдылды. Бул обсерватория асман телолорунун координаталарын жана конфигурацияларын аныктоо боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана астрономия курсу боюнча практикалык иштерди аткаруу боюнча талаптарга жооп берет. Кафедранын астрономия кабинети компьютер жана видеопроектор менен жабдылып, астрономия боюнча лекция "Open astron" электрондук окуу китебинин анимациялык моделдеринин коштоосу менен окулат. «STELLARIUM" виртуалдык планетарий программасы студенттердин Ааламдык түшүнүктөрүн жана дүйнөгө илимий калыптандырууда ийгиликтуу колдонулууда. Ж.Баласагын атындагы КУУнун 2012-2013- ж. илим-изилдөө грантынын алкагында изилдөө иштери аткарылып, 10 ашык илимий макалалар жарыяланды. 2011-жылы «Кыргыз жыл санагы кечээ жана бүгүн» деген республикалык илимий семинар өткөрүлдү.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.]