Абак (математика)

Википедия дан
Рим абагынын реконструкциясы

Абак — 18-кылымга чейин Байыркы Грецияда, Римде, кийинчерээк Батыш Европада арифметикалык эсептөөлөр үчүн колдонулган такта. Тактанын бети тилкелерге бөлүнүп, ал тилкелердеги майда таштар, сөөктөр ж. б. жылдырылып эсептөө жүргүзүлгөн. Айрым өлкөлөрдө абакка окшош эсептөө куралдары болгон. Мис., Кытайда суанпан, Орусияда чот, Японияда соробан, кээ бир өлкөлөрдө теспе.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004