Абдрахман Аптабачы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абдрахман Аптабачы – кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү, Кокон хандыгындагы мамлекеттик ишмер жана кол башчы. Мусулманкул аталыктын уулу. 1845-жылы 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулманкул хан тукуму менен туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга турмушка берген. Ошол кездеги жаш Абдрахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен теңтуш болуп өскөн.
Атасы 1852-жылы Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» кызматтан (хан колуна суу куюучу бала) ордодогу негизги бийлик – миң башылыкка чейин жеткен. Абрахман Аптабачы зордук-зомбулук, алдым-жуттумга аралашкан эмес. Өзүн сак кармап, ажылык такыбалыгын так аткарган киши болгон. 1870-жылдардын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн.
Аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Натыйжада, лейлектиктер кокон хандарынын Кожент ш-нда жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 паңсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын сунушу боюнча Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873–74-жылдары ал Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин жана башка кыргыз бийлеринин көтөрүлүшчүлөрүнө каршы турган (Искактын 1873–74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү). Бирок, 1875-жылдын августунан баштап ал Россия баскынчылыгына каршы күрөшкө чыгып, Кокон хандыгын сактап калуу үчүн Полот хандын элдик-боштондук кыймылына жигердүү катышкан. Россия баскынчылыгын токтотуп калууга көзү жетпеген Абрахман Аптабачы 1876-жылы январдын акырында М. Д. Скобелевге Анжияндан 8 чакырым түштүктө турган Индукыштакта багынып берген. Абрахман менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий жана бектер, 400 жигит багынган. Аптабачы Ички иштер министринин чечими менен Екатеринбург шаарына жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-жылы 1-январдагы буйрук менен орус падышачылыгы Абрахман Аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-жылы 25-февралда Абдрахман Мекеге барууга уруксат сурап, борбордук бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-жылы 25-майда көз жумган.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003 “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети” “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов” Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]