Абдулкадыр Инан

Википедия дан

Абдулкадыр инан (1889, Башкортстан, Екатеринбург-Чыгай —1976, Анкара) — түрк тилдүү окумуштуу, манас изилдөөчү. Улуту башкырт. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулие мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган (1908). 1914-ж. жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешинде мударис (профессор) наамын алган. 1915—23-жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. Орустарга каршы көз каранды эместик күрөш жеңилгенден кийин Иранга , андан Ооганстанга , Индистанга кетет. 1925-ж. Европага келип, Марсель, Париж, Берлинде болгон. 1925-жылдын теммуз айында Түркияга, Стамбулга келип, Түркийатинститутуна кызматка алынган. 1910-жылдан баштап жүргүзө баштаган түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин Түркияга келгенден кийин да уланткан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектер жазган. Түркияда «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди анын ичинде жазган. 1936—68-жылдарда «Манаска» байланыштуу жазган ондогон макалаларында, эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салтынын, аш-той расмысынын орун алышын, эпостун идеологиясы иликтенген жана түрк элдеринин эпосторунун ичинде «Манас» эпосунун өзгөчө ордун белгилеген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4