Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович

Википедия дан
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович
Желек
Желек
Бишкек шаарынын мэри
желек
желек
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Джунушалиев Айбек Джанышбекович
 
Дини: Ислам
Туулган жери: Кара-Ой айылы, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР, СССР

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович (2 июня 1958, Кара-Ой айылы, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР, КССР) - кыргыз мамлекеттик ишмери, 2022-жылдын 24 февралынан тарта - Бишкек шарынын мэри.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фрунзе политехникалык институтун «Жылуулук, газ менен камсыздоо жана вентиляция» тармагы боюнча адистигин алган.

  • 1977-жылы - «Фрунзеэнергострой» ишканасынын жыгач устасы;
  • 1982-1990-жылдары - техникалык көзөмөл боюнча инженер, Свердлов районунун өндүрүштүк, турак жай-эксплуатациялык трестинин башкаруучусу.  Кийинчерээк Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин өндүрүштук-турмуш-тиричилик башкармалыгынын начальниги, турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын, «Бишкекжилремонт» ишканасынын жетекчилик кызматты ээлеген;
  • 2002-2005-жылдары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын орун басары (вице-мэр);
  • 2008-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  • 1990-2004-жылдары үч жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
  • 2022-жылдын 24-февралында Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]