Абдыкалык Чоробаев
Абдыкалык Чоробаев (1896-1979) - кыргыз элинин атактуу акыны, дастанчысы, фолклор таануучуусу
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акын Абдыкалык Чоробаев Ички Теңир-Тоо аймагында, азыркы тапта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка деген жерде 1896-жылы туулган. Ал кезде Ак-Талаа жергеси падышалык Орусиянын отордук (колониялык) аймагы болчу. 1914-жылы Анжиян шаарындагы диндик медресеге окууга жиберилген. Кыргыз тилинен башка да арап, чагатай түрк тилдерин мыкты билген.
1917-жылы Октябрь революциясын Тогуз-Тородо тосуп, Курткага келип иштейт, 1920-жылга чейин дыйканчылык менен алектенген.
1920-жылы Ташкендеги мугалимдердин алты айлык даярдоо курсун бүтүп келип, 1925-жылга чейин башталгыч мектептерде мугалим болгон.
1925–1939-жж. райондук, айылдык советтик аппараттарда иштеген.
1940–1942-жж. айтылуу жазгыч акын Тоголок Молдонун адабий жардамчысы болуп дайындалган. Негизи, аны менен 3 жылдай чогуу иштеген.
1942-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил, адабият, тарых институтунда иштеген.
Чыгармачыл жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1940-жылдан баштап, республикалык, райондук гезит, журналдарга ырлары чыга баштаган. Ошол жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынат.
1956-жылы «Жаңыл Мырза» деген китеби жарык көргөн.
1958-жылы балдар үчүн «Мышык баяны» деген китепчеси декадага арналып, Кыргызокуупедмамбастан жарыкка чыккан.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ага 1976-жылы «Кыргыз ССР көркөм өнөрүнө (искусствосуна) эмгек сиңирген ишмери» деген наам берилген.
«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалынын ээси.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
Эл депутаттарынын Куланак райондук кеңешине депутат болуп шайланган.
Чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз элинин даңазалуу акыны, дастанчысы, фолклор таануучусу Абдыкалык Чоробаевдин (1896-1979) "Тандалган чыгармалары" жарык көрдү (Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5.). Бул китепте кыргыз фольклорунда арбын учураган эски сөздөрдүн мааниси чечмеленип берилген. Мисалы, "баяндос" - көрпөчө; "бута" - баалуу чычкан териси; "дарра" - кум шыкаган камчы; "зит" - кекти ичке сактоо; "зоолу" - камалган кишинин мойнуна тагылчу чынжыр; "кыбачы" - көзөмөлчү; "лаббас" - кийим (бул арапча "либас" сөзүнөн); "мунажат" - тилек; "наштар" - тамырдан кан алчу жарак; "сардар" - аскер бөлүгүнүн башчысы; "наал" - өтүк такасы; "сарпай" - кийит; "үпчүн" - ат жабуу; "улапа" - сыйлык; "үртүк" - ат жабуунун эң коозу; "чүрпө" - дары чыгып турчу көзөнөк; "Шибээ" - Чүйдүн башынан аягына кеткен чоң жолдун аталышы; "эрам" - касиеттүү көйнөк, кепин (салыштырыңыз: "ихрам" - ажылык маалында кийилчү өзгөчө кийим; арап сөзү); ж.б.
Кыргыз тилинде
Жаңыл Мырза: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 221 б.
Мышык баяны: Легенда. Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 22 б.
Тайлак баатыр: Казал. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 115 б.
Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 86 б.
Жети баатырдын өлүмү: Поэма. Мектеп жашындагы балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1966. – 43 б.
Жаңыл Мырза: Поэма.- Ф.: Кыргызмамбас, 1966. – 216 б.
Алп Тобок: Уламыштар.– Ф.: Мектеп, 1970.–54 б.
Тандалган чыгармалар: Ырлар, легендалар.– Ф.: Кыргызстан 1976. – 164 б.
Токсон суроо: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 104 б.
- Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5.
Ал тууралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чоробаев А. Тандалган чыгармалар. Жаңыл мырза. Тайлак баатыр / Түзгөн НарынМУнун профессору, филол. ил. канд. Нарынкүл Абдыкалыковна Чоробаева. - Бишкек: MaxPrint, 2016. - 388 бет. - ISBN 978-9967-04-736-5. - Б. 356-384.