Абдыракман уулу Ыбырайым

Википедия дан

Абдыракман уулу Ыбырайым - (1888 – 1967) СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү (1948), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталарынын бир нече жолку ээси, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалдары менен сыйланган кыргыздын белгилүү фольклор жыйноочусу, санжырачы жана педагог, ошондой эле манасчы 1888-жылы Ысык-Көлдүн “Чырак” деген айылында туулган.

Ыбырайымдын сабаты эрте жоюлуп, элдик оозеки чыгармачылыкка болгон ышкысы эрте ойгонот. Ал багытта өзү төмөнкүдөй эскерет: “7-8 жаштарга чыгып, айылдагы бала окуткан молдолордон окуп жүргөм. Эл кыштоого конгондо, айылдагы кары-жаштар чогулуп, “Манас” эпосун айттыруу тууралуу кеңешип, эпос айтуучу кишини атайы чакыртып алып, кезек менен ар күнү айттырышаар эле. Күүгүм киргенде “Манас” айттырган үйгө жык толуп, чоң балдар илгери отуруп, мен улагада, босогонун түбүндө, керегеге сүйөнүп отуруп калаар элем. Түн ортосу жакындап калганда, уйкулары келип, чоң балдар тарап кеткенде, мен туулганын түбүнө мине келип отуруп, таңга жакын жомок айтуу токтотулуп, эт тартылгандан кийин кетээр элем. Ошондой түрдө кыштын көп күндөрү “Манас” айттыруу менен өткөрүлөөр эле. “Манас” айтып жатканда кай бир муңдуу жерлерине келгенде ыйлашкан кишилер... сайыш, чабыш, атышуу жерлерине келгенде кай бир кишилер кыйкырып, калгандары чуру-чуу түшкөндөрү болот. “Семетей” эпосунда да ошол абал... Түндө айтылгандардын кай бир эпизоддорун өздөштүрүп алып, эртеси айтып бере алгандыгымдан, келечекте менин да манасчы болоорума эл ишенээр эле”.

Эске тутуунун эң бир мыкты жөндөмдүүлүгүнө ээ Ыбырайым ошентип жүргөн кездери, так айтканда 13 жашында айтылуу Акылбек манасчыга жолугуп, аны 28 жашка дейре үзгүлтүксүз угат. Андан башка дагы ошол кездеги белгилүү манасчылар Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Жакшылык (Кара ырчы), Отунчу, Калча өңдүү манасчыларга да жолугуп, алардан да таасирленген. Бул тууралуу өзү:

“Мен да билем башынан,

“Семетей”, “Манас” жомогун,

Ойноо бала жашыман.

Ысык-Көлдүн жеринде,

Уруусу бугу элинде

Уругу кытай Акылбек.

Аксакалдар айтчу эле,

“Семетей”, “Манас” айтууда,

Акылбек сөзү макул деп.

Акылбектен көп уктум,

Өздөштүрүп төп уктум.

Жандаке, Байжан, Калчаны,

Алардан уктум канчаны.

Отунчу менен Жакшылык,

Белектен чыккан Дыйканбай,

Алардан уктум бир далай.

Сагымбайдан көп жаздым,

Айткандарын төп жаздым” – деп эскерет.

Айткандай, Сагымбай Орозбак уулунан 1922-жылы “Манас” эпосун кагазга түшүрүүнү баштоо менен Ыбырайымдын элдик мурасты жыйноого киришүүсү башталган. Тоң болушунда уюштурулган “Кара кыргыз эл адабиятын жыйноо ийриминин” жетекчиси К.Мифтаков жана ал ийримдин мүчөсү Сооронбай уулу Сапарбай экөө Нарын уездине командировкага барышат. Ал жерден аларга Абдыракман уулу Ыбырайым менен Каптагай уулу Чаки кошулат. Ушул төртөө Сагымбайдын “Манасын” жазуу ишин баштаган. К.Мифтаков бир аз жазып, калганын Ыбырайым уланткан. “Манасты” кагаз бетине түшүрүү аябай кыйынга турган. Ага Ыбырайымга окшогон аябай берилген адам гана чыдамак. Бул тууралуу Сагымбай Орозбак уулу:

“Арстан Манас жомогу,

Жазылып болду тамамы.

Көз салбастан дурустап,

Кетирдиңер чамамы.

Жазган молдо Ыбырай,

Калем тартып жадады.

Айткан акын Сагымбай,

Жүдөп бала-бакырам,

Жүздөрүн үйрүп карады.

Жазган молдо Ыбырай,

Жаш акты эки көзүнөн.

Айткан акын Сагымбай,

Адашты акыл-эсинен.

Өзгөчө кылдык эмгекти,

Көпчүлүктүн ишинен” – деп эскерет.

Мына ушундай талбаган эмгек менен алпурушуп, Сагымбай, Саякбай өңдүү манасчылардын “Манасын” жазып алуу менен гана чектелбестен, көптөгөн манасчылардын варианттарын кара сөзгө айландырган. Бир нече үзүндүлөрдү басмага даярдаган. Элдик оозеки чыгармачылыктын бир топ үлгүлөрүн жыйнаган жана өзүнүн варианттарын да жазып калтырган. Башка манасчылардан айырмаланып, анын толук сабаттуу болушу, анан калса азыркы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган бардык варианттар менен тааныш болушу, баарынан да укмуштуудай эске тутуу жөндөмдүүлүгү өз вариантынын жетик иштелишине шарт түзгөн. 1946-1952-жылдары ал жазып калтырган “Манас” бөлүгү – 26 456 сап, “Семетей” 23 364 сап, ал эми “Сейтеги” 7 839 сап, баары биригип 57 659 сап ырдан турат.

Абдыракман уулу Ыбырайым 1967-жылы Ат-Башынын Казыбек (Пограничник) айылында дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]