Ыбырайым Абдыракман уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ыбырайым Абдыракман уулу (Ыбырайым Абдырахман уулу, Ыбырайым Абдырахманов) (1888, азыркы Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1967, Ат-Башы району, Пограничник айылы) — манасчы, белгилүү "Манас" жыйноочу жана фольклорчу. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1948). 1905-ж. Караколдогу "Жаңы тартип" мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. Алматы, Фрунзе шаарында мугалимдик курста окуган. 1939-ж. Фрунзедеги педагогика институтунун 2 жылдык адабий факультетин бүтүргөн. "Манас" эпосунан тартып элдин тарыхый, маданий көркөм мурастарын мыкты билген жыйноочу катары 1935—60-ж. Тил жана адабият илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген агартуучулук ишинен улам эл ичинде "Ак Молдо", "Молдоке" деген ылакап атка конгон. Ыбырай Абдыракман уулунун элдик оозеки чыгармачылыкка болгон шыгы эрте ойгонгон. Ал жөнүндө өзү минтип эскерген: "7—8 жаштарга чыгып айылдагы балдар окуткан молдолордон окуп жүргөм. Эл кыштоого конгондо айылдагы кары, жаштар чогулуп, "Манас" жомогун айттыруу тууралуу кеңешип, жомок айтуучу кишини атайы чакыртып алып, кезек менен ар күнү айттырышар эле. Күүгүм киргенде кары-жаш аралаш "Манас" айттырган үйгө жык толуп, чоң балдар илгери отуруп, мен улагада босогонун түбүндө керегеге сөөнүп отуруп калар элем. Түн ортосу жакындаганда уйкулары келип чоң балдар тарап кеткенде тулганын түбүнө мине келип отуруп, таңга жакын жомок айтуу токтолуп, эт тартылгандан кийин кетер элем. Ошондой түрдө кыштын көп күндөрү "Манас" айттыруу менен өткөрүлөр эле. Жомокчу айтып жатканда кай бир муңдуу жерлерине келгенде ыйлашкан кишилер... сайыш, чабыш, атыш, атышуу жерлерине келгенде кай бир кишилер кыйкырып, калгандары чуру-чуу түшкөндөрү болот. "Семетей" жомогунда да ошондой абал... Түндө айтылган жомоктон -көңүлүмө кай бир эпизоддорун өздөштүрүп калып, эртеси айтып бере алгандыгымдан келечекте менин да жомокчу болорума эл ишенер эле". Анын "Манаска" шыктуу болушу көптөгөн манасчылар менен таанышып, алардан таалим алууга түрткөн. Бул жөнүндө өзү минтип эскерет: "Мен Ысык-Көлдөгү жомокчулардын жетөөнү көрдүм. Манас айтуу боюнча эң чыгаан Акылбекти 13 жашымда биринчи көрүп, 28 жашыма дейре үздүксүз айткандарын угуп жүрдүм". Акылбектен башка да ошол кезде көл айланасына белгилүү манасчылар Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Отунчу, Калча, Жакшылык (Кара ырчы) менен жолугушуп алардын айткан "Манасын" көп сапар уккан. Мунун баары табигый шыгы бар Ыбырай Абдыракман уулуна таасирин тийгизбей койгон жок. Бара-бара ошол манасчылардан үйрөнгөн жомогунун айрым эпизоддорун ал өзү да эл астына чыгып аткара баштаган. Кийин үчилтиктин үч бөлүмү боюнча өз вариантын түзгөн.

Манасты жаздыруу иштери[оңдоо | булагын оңдоо]

Ыбырай Абдыракман уулунун ошол доордогу сабаттуу тың адамдардан болушу жана "Манаска" бөтөнчө ышкыбоздугу эпосту узак жылдар талыкпай жыйноого жардам берген. Анын элдик мурасты жыйноого белсене киришүүсү 1922-ж. улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун "Манасын" кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Тоң болушунда уюштурулган "Кара кыргыз эл адабиятын жыйноо ийриминин" жетекчиси Каюм Мифтаков жана ал ийримдин мүчөсү Сапарбай Сооронбай уулу экөө Нарын уездине — Теңир-Тоого командировкага барышат. Ал жерден аларга дагы эки адам — Ыбырайым Абдыракман уулу менен Чаки Каптагай уулу кошулат. Ошентип, ушул төрт кишиден турган фольклор жыйноочулардын тобуна жетекчилик кылган К. Мифтаков Сагымбайдын "Манасын" жазуу ишин баштаган. Бирок, ал бир аз гана жазып токтоткондон кийин Ыбырай Абдыракман уулу анын демилгесин улантып аягына чыгарган. Ал кезде элдик оозеки чыгарманы кагаз бетине түшүрүп жыйнап алуу иши өтө ыңгайсыз татаал шартта өткөн. Ушундай татаал шартта "Манасты" жазып алууга бирден-бир татыктуу адам Ыбырай Абдыракман уулу болгондугу жөнүндө К. Мифтаков минтип жазат: "...тизеге жаздык алып, үстүнө батнос коюп жаза баштадым. Бир нече бет жазгандан кийин калем сапты, жаздык, батносту Ыбырайга берип, өзүм Ыбырайдын бир нече бет жазганын карап отурдум. Анын колу, каты (каллиграфиясы) мага абдан жакты". "Манасты" кагаз бетине түшүрүү ишинин алгач демилгечиси Түркстан илим комиссиясы кийинчерээк иштин жүрүшүнө салкын мамиле жасап, аны унуткарып кетишкендиктен, тийиштүү жардам ала алышпай Сагымбай менен Ыбырай Абдыракман уулу көп кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Бул жөнүндө Сагымбай Орозбак уулу мындайча баяндаган:

Арстан Манас жомогу

Жазылып, болду тамамы.

Көз салбастан дурустап

Кетирдиңер чамамы.

Жазган молдо Ыбырай

Калем тартып жадады.

Айткан акын Сагымбай

Жүдөп бала-бакырам

Жүздөрүн үйрүп карады.

Жазган молдо Ыбырай

Жаш акты эки көзүнөн,

Айткан акын Сагымбай

Адашты акыл-эсинен,

Өзгөчө кылдык эмгекти

Көпчүлүктүн ишинен.

Манасчы Сагымбай менен Ыбырай Абдыракман уулунун эч жактан тыңгылыктуу жардам албай, Кочкор менен Ат-Башыда көчүп-конуп жүрүп, төрт жылдын ичинде "Манастын " көлөмдүү биринчи бөлүмүн жазып бүтүрүшкөндүгү чындыгында чыгармачылык эрдик болгон. Сагымбай Орозбак уулунан Ыбырай Абдыракман уулу жазып алган "Манастын " 1-тому жарык көргөндө бул жөнүндө минтип ачык белгиленген: "Ушул түрдөгү оор шартка жана анын айрым зээн кейирлик жыйынтыктарына карабастан Сагымбай Орозбак уулунун оозунан 1922 — 1926-жылдары "Манас" эпосунун эң сонун варианттарынын бири жазылып калынган. Бул иште демилгечи болгон Каюм Мифтаков сыяктуу энтузиасттердин, жомокчу менен бир катар бардык оордуктарга чыдап, ишти аягына жеткирген Ыбырайым Абдыракманов сыяктуу адамдардын эмгегине баа жетпейт". Ыбырай Абдыракман уулу Тил, адабият институтуна илимий кызматкер болуп иштеген мезгилинен баштап, жыйноочу катары Саякбай Карала уулунан "Манасты" жаза баштайт. Саякбайдан жазылып алынган "Манас", "Семетей", "Сейтек" бөлүктөрүнүн айрым эпизоддору, "Төштүк" эпосу 150 басма табакты түзгөн.

"Манас" эпосун басмадан чыгаруу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ыбырай Абдыракман уулу "Манас" эпосун жыйноо менен гана чектелбестен, аны айтуучу жомокчу-акындардын өмүр баянын, алар жөнүндөгү эл оозунда айтылган уламыштарды да топтогон. Улуу мурас менен элди кеңири тааныштыруу максатында "Манас" сериялары" деген ат менен Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан "Манастын балалык чагы" (1940), "Алооке кан" (1941), "Макел дөө" (1941), "Биринчи казат" (1944), манасчы Саякбай Карала уулунун вариантынан "Каныкейдин жомогу" (1941), Акмат Рысменде уулунан "Үргөнч" (1941), Тоголок Молдонун "Семетейдин Букардан Таласка келиши" (1941) деген эпизоддорду басмага даярдаган. Ал "Манас" үчилтигинин курама вариантынын төрт томун түзүп басмадан чыгарууда түзүүчүлөргө да көп жардам берген. "Манас" үчилтигинин бардык варианттарын, алардын өзгөчөлүктөрүн мыкты билген адам катары текстти тандап алууда жана комментарийлөөдө өз үлүшүн кошкон.

Элдик фольклор жыйноочу[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалаң гана "Манасты" жыйноо жана өзүнүн вариантын түзүү менен гана чектелбестен элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүн элден чогултуп алууга активдүү катышкан. Кыргыз эл акындарынын мурастарын, жөө жомок, майда лирикалык ырларын, макал-лакап, чечендердин учкул сөз, табышмак, кошокторун жыйнаган жана өзү билген оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жазып калтырган. Ыбырай Абдыракман уулунун "Бугу, сарбагыш манаптарынын кагылышы", "Манаптардын зулумдугу, мыкаачылыгы", "Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү", "Кыргыздын үрп-адаттары" өңдүү кол жазмалары элибиздин өткөндөгү тарыхын, каада-салтын үйрөнүүдө этнографиялык баалуу мурас болуп саналат. Ыбырай Абдыракман уулу элден уккан санжыра, уламыштарын ырга айландырып, өзүнчө оригиналдуу чыгарма жаратууга да далалаттанган. "Казак кайың сааганда, кыргыз Ысар киргенде" деген жалпы атка бириктирилген тарыхый ырларынын цикли ушул багыттагы чыгармаларына жатат. Чыгарманын негизги сюжетин 17 — 18-кылымдарда кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый окуялар түзөт. Жунгар баскынчыларынын жортуулдары, кыргыздын Кудаян сыяктуу айрым феодалдарынын эл башкарууга жөндөмсүздүгү, адилетсиздиги, элдин өкүлү Сансыз сынчынын аны чечкиндүү айыптап, сындап чыгышы сыяктуу окуялар бир кыйла көркөмдүктө ишенимдүү сүрөттөлгөн. Акындын элден уккан санжыралуу уламыштарынын негизинде түзүлгөн чыгармаларынын ичинен "Жаңыл Мырза" поэмасы эң көрүнүктүүсү.

Ыбырай Абдыракман уулу манасчы катары[оңдоо | булагын оңдоо]

Ыбырай Абдыракман уулу "Манас" эпосунун айрым эпизоддорун эл алдында аткаруу менен бирге үчилтиктин үч бөлүмү боюнча өз вариантын түзүп, өз колу менен жазып Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган. Анын варианты "Манас" эпосунун башка варианттары менен салыштырганда бир кыйла уникалдуу мүнөзгө, өзгөчөлүккө ээ. Ыбырай Абдыракман уулунун башка манасчылардан айырмаланып толук сабаттуу болушу, көп жылдар бою илимий чөйрөгө аралаш жашап, "Манас" боюнча ар кандай талкууларга катышуусу жана экинчи жактан Кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун бардык варианттары менен жакшы тааныш болушу, ал турсун феноменалдуу эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуп, өзү кагаз бетине түшүргөн варианттардын көпчүлүк тексттерин сөзмө-сөз жатка билиши өзүнүн вариантына аң-сезимдүү мамиле жасоого шарт түзгөн. Ал өз вариантын жаратууда өзүнөн мурунку манасчылардан айырмаланып, жалаң гана эл алдына айтып чыгууну эмес, китеп кылып жарыкка чыгарууну көздөгөн. Ыбырай Абдыракман уулу өзүнүн вариантын басма үчүн даярдагандыгын "Сейтек" эпосуна жазган баш сөзүндө ачык эле эскерип өткөн. Ал ушул максатта эл ичинде үзүндү-үзүндү түрүндө айтылып келген "Калевала" эпосун системалаштырып, бир сюжеттик өзөккө топтоштуруп жыйынтыктуу чыгармага айландырган фин окумуштуусу Ленроттун жолун жолдоого кайсы бир деңгээлде далалаттанган. Бирок, "Манас" эпосу баштан аяк эбак калыптанган, жыйынтыктуу эпопея болгондуктан тыштан мындай жасалма кийлигишүү анча муктаж эмес эле. Ошондуктан Ыбырай Абдыракман уулунун ал аракети эпостун жалпы системасына олуттуу өзгөрүү алып келген эмес. Анын вариантында эпостун мурунтан калыптанган сюжеттин түзүлүшү өзгөрүүсүз толук сакталган. Ыбырай Абдыракман уулу көбүн эсе тигил же бул манасчыдан өзүнө жаккан, бүгүнкү көз карашка жакын айрым мотивдерди, кээ бир көркөм сүрөттөөлөрдү алымча, кошумчасы менен өз вариантына киргизүү менен чектелген; ошондой эле өз вариантында ар кандай тарыхый себептердин натыйжасында эпосто мурдатан орун алып келе жаткан кээ бир идеялык карама-каршылыктарды четтетип, бүгүнкү күндөгү көз караштарга ылайыкташтырууга аракет кылган. "Манастын " минтип идеялык жактан "таза" вариантын түзүүгө ошол кездеги вульгардык - социологиялык позициядагы адабиятчылардын эпостун элдүүлүгүн танып, реакциячыл, феодалдык, элге жат чыгарма деп чуу көтөрүп, аны азыркы талапка жооп бербеген чыгарма катары архивге өткөрүүнү сунуш кылышы көбүн эсе түрткү болгон. Элдик улуу чыгарма катары "Манас" эпосун терең сүйүп, кастарлап, ага бүт чыгармачылык өмүрүн арнап келген Ыбырай Абдыракман уулу эпосту сындан сактап калуу максатында жогоркудай жолго аң-сезимдүү түрдө атайы барган. Алмамбеттин кытай жеринен кетишин баяндаган Ыбырай Абдыракман уулунун эпизоду окуянын жалпы жүрүшү жагынан Сагымбай Орозбак уулунукуна жакын, бирок тиги вариантта бир кыйла терең орун алган диндик мотивдер кыскартылып же жооткотулуп, бүгүнкү көз караштардын таламына жакындаштырылып берилген. Алмамбеттин өз жеринен кетиши көпчүлүк варианттардагыдай мусулман дини менен байланыштырылып мотивделбестен, анын кытай кандары менен кагылышы көбүнчө социалдык теңсиздиктен келип чыккандай мүнөзгө ээ. Бул үчүн Ыбырай Абдыракман уулу Сагымбайда жок, бирок Саякбайда бар кээ бир мотивдерди өз вариантына пайдаланган. Мисалы, Алмамбеттин атасынын Кан-Жайлак жайлоосун тартып алган Коңурбай менен урушу, адил сурак жүргүзбөгөн Эсенкан менен кагылышы сыяктуу социалдык мүнөзгө ээ мотивдер бар. Албетте, Ыбырай Абдыракман уулунун вариантын баштан аяк комплятивдүү мүнөздөгү чыгарма деп атоо жаңылыш. Эпостун бардык эпизоддорунда жогоркудай кураштыруу бирдей деңгээлде эмес. 1952-ж. "Манас" эпосунун элдүүлүгүн аныктоого арналган конференция мезгилинде жана андан мурунку талкууларда сын көбүрөөк тийген "Алмамбеттин аңгемеси", "Чоң казат" эпизоддорунда айтуучунун алымча-кошумчалары сезилерлик байкалса, башка бөлүмдөрдө мындай көрүнүштөр сейрек учурайт. Мисалы, "Сейтек" бөлүмүнө жазган "Башкы сөзүндө" айтуучу өзү минтип эскертет: "Сейтектин" 5 вариантын тандап басмага даярдоо мага тапшырылган болуучу. Тоголок Молдо, Рысмендеев Шапак, Сарыков Жакшылык үч жомокчунун вариантын талдап окуп, алардан бардыгы 300 сап гана ыр алдым, калгандары менин вариантым болду" (Абдыракманов Ыбырай Абдыракман уулу "Сейтек", Кол жазмалар фондусу, 670-инв., 1-б.).

Экинчиден, Ыбырай Абдыракман уулунун "Манаска" карата жогоркудай аракетин жекелик көрүнүш катары эсептөөгө болбойт. Эл ичинде жазуу-сызуу иши кеңири тарай баштаганда "китептик таасир" элдик оозеки чыгармачылыкка тийип, аны өзүнө сиңирип алууга аракет кылары тарыхый көрүнүш. Европа элдеринин биздин күндөргө жеткен айрым эпосторунан бул процесс ачык сезилет. Немец элинин "Нибелунг жөнүндөгү ыр", француздардын "Роланды жөнүндө ыр" эпостору, атап айтканда сабаттуу адамдар элдик оозеки чыгармачылыктан кайра иштеп чыккан формасында бул күндөргө жетти. Финдердин "Калевала" эпосун Ленрот кайта иштеп, системага салганын эскерип өткөнбүз. Ыбырайым Абдыракман уулунун варианты көркөм адабияттагы жалпыга орток тарыхый процесстин биздин эпостогу өзүнчө бир көрүнүшү, кызык фактысы катары да көңүл бурууга татыктуу.

Ыбырай Абдыракман уулунун варианты баарыдан мурда "Манас" үчилтигинин үч бөлүмүнүн тең ичинде айтылып келе жаткан салттык окуяларын бүтүн камтышы, ошол окуяларды артык баш кайталоолорсуз жыйынтыктуу так бериши менен баалуу. Ыбырай Абдыракман уулу ошондой эле көркөм каражаттарды ыктуу пайдалана билген. Ал каармандардын портретин, кыял-жоругун, курал-жарак, ат-тонун, согуш учурун, пейзажды сүрөттөөдө өзүнөн мурда салт катары айтылып келе жаткан ыр саптарынын жеткилең иштелген, орошон көркөм жерлерин кылдат тандап колдонгон. Ыбырай Абдыракман уулу жазып тапшырган үчилтиктин биринчи, экинчи бөлүктөрү калк ичинде эреже катары бир калыпка түшкөн негизги окуяларды сактоо менен сюжет жагынан башка варианттардан анча айырмаланбайт. Мындагы негизги өзгөчөлүктөр айрым окуя, мотив, образдардын өз алдынча талкууланышынан байкалат. Ал эми анын жазып тапшырган "Сейтеги" "Манас" эпосунун бул бөлүмүнө таандык окуялардын дээрлик баарын камтышы, сюжетинин татаалдыгы, жеткилең иштелиши менен колдо бар варианттардын көпчүлүгүнөн айырмаланып турат. Ыбырай Абдыракман уулунун "Сейтеги" бардык варианттардагыдай эле Айчүрөктүн Кыястын колуна түшүп кетиши жана анда жүрүп Семетейден үч айлык боюнда калган Сейтекти төрөшү, аны Кыястын кастыгынан ар түрдүү амал-айла менен сактап, аман өстүрүшү менен башталат. Эр жеткен Сейтек ата-тегин угуп, кулдукта жүргөн Күлчорого кошулуп, аны дарыгер Кызылсарттын жардамы менен айыктырып, Айчүрөк Тоотору атын алдап сурап алып, жөө калган Кыясты жеңип, атасы Семетейдин өчүн алышы, андан Таласка келип, Канчоро, Чачыкейди өлтүрүп, атасынын ордун ээлеп, эл-жерине бейпил турмушту орнотушу да айрым бир мотивдердеги, деталдардагы айырмачылыктарды эске албаганда башка варианттарга окшош. Мунун өзү "Сейтектин" аталган эпизоддору эл ичинде узак мезгилдер бою айтылып, улам такталып, туруктуу бир нукка ээ болгонун көрсөтөт. Жалпы эле элдик эпостордо — "Сейтекте" сүрөттөлгөнгө жакын, окшош окуялардын орун алышы салттык көрүнүш. Ал учурдагы абал канчалык оор болсо да келечекке оптимисттик менен караган, зордукчул күчтөр убактылуу үстөмдүк кылса да акыры жүрүп адилеттик кайра ордуна келип, салтанат курарына ишенишкен. Ошондуктан, элдин оозеки чыгармачылыгынын көптөгөн үлгүлөрүндө оң каарманга каршы турган тескери күчтөрдүн бардыгы жеңилип, окуя бактылуу аяктайт жана жыйынтыкталат. Натыйжада, чыгарманы мындан нары улантуунун зарылдыгы жок. Жалпы эпосторго мүнөздүү ушул салт боюнча "Манас" үчилтиги да Сейтектин Канчоро, Кыясты өлтүрүшү, баштатан келе жаткан сөөк өчтү тышкы, ички душмандар бүтүндөй жок болуп, эл тынч, бейпил турмушта жашай башташы менен чыгарма жыйынтыкталып, акырына чыккан катары токтолууга тийиш эле. Чыдыгында "Манас" эпосун так ушул жерден бүтүргөнү "Сейтектин" ушуга чейинки окуялары туруктуу эрежеге айланып, сюжети бардык варианттарда бирдей мүнөзгө ээ болушу жана кээ бир варианттарда окуянын, атап айтканда дал ушул жерде бүтүшү көрсөтүп турат. Ырас, бир катар варианттарда окуя андан нары улантылып айтылат.

Ыбырай Абдыракман уулу варианттар ортосундагы мындай айырмачылыкты жоюп, бир нукка салууга аракеттенген. Анын вариантында Жакшылык Сарык уулунукундай Карадөөнүн окуясы, Шапак менен Багыштыкындай Коңурбайдын уулу Куялынын Сейтекке каршы урушу айтылат, бирок окуя баяндоо манерасы, каармандардын мүнөзүн, согуш учурун сүрөттөөсү Саякбайдын вариантына жакындашып кетет.

Ыбырай Абдыракман уулунун вариантында бул окуялардын кыскача сюжети төмөнкүчө: Индистандын Жаркен жаккы бетинде Карадөө жашайт. Ал "чайнарына таш таппай, кесерине баш таппай, уруша турган эр таппай, барарына жер таппай, дөөгүрсүп, өзүнө жан теңебеген баскынчы болот. Мына ошол өзүнө ашкере ишенген Карадөө Семетейдин уулу Сейтек баатыр чыгып, элин жоого алдырбай эркин жатканын угуп, анын атагына ичи тарып, барып чаап, олжо алууга камынат. Ал көп кол чогултуп Кашкарга келип андан Анжыянды басып өтүп, Чаткалга келип токтойт. Карыя Бакай күндөрдүн биринде өзүнөн өзү чочунуп, үйгө жата албай Үч-Кошойдун бийик тоосуна чыгып барып дүрбү менен айланасын карап отуруп, Чаткалды басып жаткан калың колду көрөт да элге кабар жеткирет. Күлчоро, Сейтек кол баштап Карадөөнү капыстан басып калууга жөнөшөт. Эки кол беттешип, салгылаш башталат. Күлчорого Көңгөй, Сейтекке Тоотай деген душман баатырлары жекеге чыгып өлүмгө учурайт. Күлчоро менен Даңгыл беттешип, узакка кармашып Күлчоро жеңеринде Карадөө жардамга калың колун каптатат. Уруш кызыйт, кыргыздар жоонун колун жеңе баштайт. Күлчоро капыстан Карадөө менен бет келишип, аттан эңип түшүрүп өлтүрөт. Башчысы өлгөн душман колу багынып, кечирим сурашат. "Оболтодон сунган моюнду, суурган кылыч кечпейт, булардын күнөөсүн кечели" деген Бакайдын кеңеши боюнча аларга эркиндик берилет. Мурун Карадөөгө мал-мүлкү менен туткунга түшкөн Кашкар, Анжыян эли да азаттыкка чыгышат.

Ыбырай Абдыракман уулу Сейтектин Коңурбайдын уулу Куялы менен урушун бир кыйла кенен деталдуу сүрөттөйт. Сейтектин атагын уккан Куялы буруттардан (кыргыздардан) өлгөн атасы Коңурбайдын өчүн алам деп элин чогултуп кеңеш салат. Эл ичинен мүрөктүн суусун ичип төрт жүз жыл жашаган Ыраң-Көөдөн карыя чыгып, буруттар башынан бери бизге жеңилген эмес, Манас баатыр Бээжинди алып, атаң Коңурбайды багынткан, анын тукуму оңой жоо эмес, тил алып барба дейт. Куялы анын айткан кеңешине көнбөй алты түмөн кол алып Таласка жөнөйт. Үч ай дегенде Ысык-Көлдү бойлоп, Чүйгө түшөт.

Карыя Бакайдын кеңеши менен Сейтек туш-тушка күзөттү койгон болот. Ошол күзөтчүлөр жоонун каптап келе жатканын кабар кылат. Аргын, ногой колу жоо жарагын шайланып душманды тосуп чыгышат. Бакай алыстан дүрбү салып, жоонун кайдан келгенин тааныйт, анын теңи ит жээр, бит жээрлер бака, жылан, коңузду терип жеп, ар кайсы тоону өрдөп кеткенин көрөт да аларды кайра колго кошула электе ошол жакта жалгыздатып кырууга кеңеш берет. Ал кеңеш кабыл алынат. Тоого тентип кеткен ит жээр, бит жээрлерди жок кылгандан кийин Куялы баш болуп жаткан солоон, шибээ, тыргоотторго каршы аттанышат. Эки кол беттешип, жекеге киши чыгарышат. Душман тараптан кадимки мерген Кожожаштын чөбөрөсү Соорун Сейтекти жекеге чакырып чыгат. Анын чоң атасы Чаңдаяк, атасы Чабалдай мурун Семетей менен Күлчородон өлгөн экен.

Эки баатыр бардык жоо куралдарды кесек менен колдонуп, узакка салгылашып, акыры куралсыз ат үстүндө кармашышат. Сейтек душманын жакадан муунта кармап, аттан алып түшүп өлтүрөт. Жекеге чыккан Дөңгөнү Сейтек жеңе турган болгондо кара кытайлар

көптөп кирет. Кармаш маалында Күлчоро Куялыны жыга саят, аны ат оюнчу жөө күлүктөр куткарып кетет. Дөңгө сайып кеткен Күлчорону Сейтек куткарат. Дөңгө жер бетине кара туман түшүрүп, өзү көрүнбөй жамгыр кылып жаа тартып, мөндүр кылып ок атып колду жүдөтөт. Күлчоро аңдып олтуруп Алмабаш менен атып өлтүрөт. Дароо күн ачылып, туман тарайт. Кыргыздар жоосун жеңип кирет. Куялы качып жөнөйт. Артынан Күлчоро кубалап, Кең-Каркырадан жетип өлтүрүп, анын Чаар тулпарын кармап минип кайра кайтып келет. Жоо жеңилет, анын бир кыйласы: Топ-топ болуп алышып, Качырдын башын алышып, Жарактарын кыйратып, Кийимдерин жыйнашып, Отко салып өрттөшүп, Кырка отуруп беришип, Өлүмдү макул көрүшүп, Кылыч менен баштарын Кыя чаап өлүшүп (Кол жазмалар фондусу, 670а-инв., 339-б.) жок болот. Жоо жеңилип Сейтек эли менен бейкут турмушта жашап калат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4