Аблешов Турусбек Аблешович

Википедия дан

Аблешов Турусбек Аблешович (1975) — география илимдеринин кандидаты, экология жана туризм кафедрасынын башчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АблешовТурусбек Аблешович 1975-жылы Ысык-Көл областынын Тон районунда туулган. 1996-ж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин география, биология бөлүмүн бүтүргөн. 1997-99-жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин табигый-география факультетинин ага окутуучусу. 2002-2005-жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жаратылышты пайдалануу жана туризм институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы. 2005-2007-жж. Жаратылышты пайдалануу жана туризм институтунун кафедра башчысы. 2009-ж. география илимдеринин кандидаты. Темасы: «ИчкиТянь-Шандын орто жана бийик өрөөндөрүнүн жер-суу ресурстары жана аларды сарамжалдуу пайдалануу». 2012-ж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин табият таануу, экология жана дене тарбия факультетинин деканы. 2014-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун экология жана туризм кафедрасынын башчысы.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат Үй-бүлөлүү, бир уул жана эки кызы бар.

Илимий ишмердиги: Ички Тенир – Тоонун жер – суу ресурстары жана аларды сарамжалдуу коргоо боюнча.

Негизги илимий-методикалык эмгектери: 1. Материктердин жана океандардын географиясы боюнча окуу-методикалык куралы 2. Палентологиянын негизиндеги геология боюнча окуу-методикалык куралы 3. Тундук Америка материгинин географиясы боюнча окуу-методикалык куралы

Сыйлыктары. Наамдары: 2005-ж. Кыргыз республикасынын мугалимдеринин жана билим берүү тармагында алдынкы ийгиликтерди жараткандыгы жана коомдук иштерге жигердүү салым кошкондугу үчүн Ардак грамота менен сыйланган. 2010-ж. Ысык-Көл областынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин уюшулганынын 70жылдыгына карата Ардак грамота менен сыйланган. 2012-ж. 13-июнь университеттин күнүнө карата ишиндеги жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдуукатышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган 2015-ж. Жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо синирген эмгеги жана университеттин өсүшүнө кошкон үзүрлүү салымы үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2016-ж. Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.