Абуаййуб ал-Ансари

Википедия дан
Абуайюб ал'-Ансари
(араб. أبو الدرداء)
Туулгандагы аты: Халид ибни Зайд ибни Кулайб
Өлгөн: 674, Константинополь[[Category:Өлгөндөр в Калып:Пишпек]]
Улуту: араб, бану Нажар
Согуштары: газават, Константинополду курчоо (674—678) ж. б.
Атасы: Зайд ибн Кулайб

Абуаййуб ал'-Ансари (араб. أبو أيوب الأنصاري) رضي الله عنه.png (52/672-ж. өлг) – Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png атактуу сахабаларынын бири. Мадинада төрөлгөн, Хазраж уруусунан чыккан. Исламды хижрага чейин кабыл алган, Акабадагы касамдашуунун катышуучусу болгон.

Өмүр баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Абуаййуб ал'-Ансаринин күмбөзү. (Эйүп Султан Жамии, Ыстамбул/Түркия)

Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png Мадинага келишинен кийин, бардык мадиналыктар өз үйлөрүндө аны канок катары тосуп алууну сыймык көрүшкөн. Бирок пайгамбар La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png анын төөсү кайсы үйдүн жанынан чөксө, ошол үйгө токтоорун айтат. Ошондон соң ал төөнү коё берет жана ал жандык, бир канча аралыкка басып, Абуаййуб ал-Ансаринин رضي الله عنه.png үйүнөн чөгөт. Анын үйүндө пайгамбар La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png 7 айча турган.

Абуаййуб رضي الله عنه.png Бадрдагы, Ухуддагы, Хандактагы жана башка согуштарга катышат. Мухаммед пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png өлүмүнөн кийин ал Халифатты чыңдоо ишине жигердүү катышат. Халиф Алинин رضي الله عنه.png башкаруу тушунда анын армиясында болуп, харижийлерге каршы урушкан. Халиф Муавиянын тушунда ал Мисирге (Египет) кеткен.

Абуаййуб رضي الله عنه.png ооруп калган жана болжол менен 80 жаш курагында көз жумган, ошондо Халифаттын армиясынын Константинополго болгон жортуулунун учуру эле, ал ага жигердүү катышкан болчу. Кабарларга караганда, ал Константинополдун дубалдарынан алыс эмес бир жерге коюлган.

Колдонулган булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар