Австралия тилдери

Википедия дан

Австралия тилдери - Австралиянын жергиликтүү элдеринин тили (бардыгы 600дөн ашуун тил, алардын ичинен 450гө жакыны кийинки 100 жыл ичинде жоюлуп кеткен). Типологиялык жактан Австралия тилдери мүчөлөмө (тагыраак айтканда, префикстешүүчү-суффикстешүүчү жана суффикстешүүчү) тилдердин тобуна кирет. Префикстешүүчү тилдер континенттин түндүгүндө (Арнемленд, Кимберли жарым аралдарында, Дампирдин жеринде), ал эми суффикстешүүчү тилдер Австралиянын калган бөлүктөрүнө, ошондой эле Арнемленддин түштүк-батышына жана Кейп-Йорк жарым аралына тараган. Анын жазмасы жок. Австралия тилдеринин тектештиги далилденбеген. Австралия тилдерин изилдөө негизинен 20-кылымдан башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1