Автоматтык катар

Википедия дан

Аныктама[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автоматтык катар — буюмду же анын бөлүгүн толук жасоо үчүн иштелүүчү бардык операцияларды белгилүү технологиялык ыраат менен автоматтык түрдө аткаруучу машиналардын, негизги жана көмөкчү жабдуулардын системасы.
Автоматтык катарды куруу жана ишке киргизүү — өндүрүштү автоматташтыруунун эң негизги этаптарынын бири.

Цилиндр түрүндөгү тиштүү дөңгөлөктү иштетүүчү типтүү автоматтык катар: а — сырткы көрүнүшү; б — технологиялык процесстин схемасы: 1 — даярдалганы; 2 — биринчи токардык иштетүү; 3 — экинчи токардык иштетүү; 4 — керүү; 5 — токардык таза иштетүү; 6 — чанак; 7 — фрезерлөө; 8 — тишти матоо; 9 — шевингалоо; 10 — даяр тиштүү дөңгөлөк.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРде биринчи автоматтык катар 1939-ж. Волгоград трактор заводунда жумушчу-рационализатор И. П. Иночкиндин сунушу боюнча түзүлгөн. 1947— 50-ж. СССРде трактор кыймылдаткычынын поршенин толук жасоочу завод-автомат дүйнөдө 1-болуп курулган.
Мында чийки затты берүү, металлды эритүү, тетикти куюу, аны термиялык, механикалык жана дат баспагандай иштетүү, сапатын текшерүү, даяр продукцияны ороп, кутучаларга салып жөнөтүүгө чейинки бардык процесстер толук автоматташтырылган.
Белгилүү бир формадагы жана өлчөмдөгү буюмдарды иштетүүгө арналганы — атайын, ал эми параметрлери бирдей болгон бир типтүү буюмдарды иштетүүгө арналганы атайлаштырылган автоматтык катар деп аталат. Булар негизинен массалык өндүрүштө, ал эми тез өзгөртүлүүчү универсалдуу автоматтык катар сериялык өндүрүштө колдонулат. Алар өндүрүштүн көлөмүнө жана техникалык процесстердин түрүнө жараша жайгаштырылып, жарыш жана удаалаш иштөөчү автоматтык катар болуп бөлүнөт. Иштөө шартына карата автоматтык катарды башкаруу системалары механикалык, электрдик, гидравликадык, пневматикалык жана айкалыштырылган байланыштуу болуп курулат. Кээде электрондук программалуу башкаруу колдонулат.
Иштетилүүчү тетиктерди бир орундан экинчисине жылдыруу үчүн, атайын транспорттук системасы пайдаланылат. Буюмдардын конструкциясына, формасына жана өлчөмүнө карата транспортёрлор кадамдуу, штангалуу, грейфелүү, чынжырлуу жана башкалар болуп жасалат. Мындай транспортёрлор көбүнчө чоң буюмдарды иштетүүчү автоматтык катарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.