Автореферат

Википедия дан

Авторефератавтор тарабынан изилдөөнүн мазмунунун кыскача жазылышы. Диссертациянын авторефераты – кандидаттык же докторлук диссертациялардын мазмунунун автор тарабынан кыскача жазылган түрү. Авторефераттын түзүлүшү төмөнкү элементтерди камтыйт:

  • иштин жалпы мүнөздөмөсү;
  • проблеманын актуалдуулугу;
  • иштин максаты;
  • изилдөөнүн объекти жана предмети;
  • илимий божомол;
  • изилдөөнүн милдеттери (чечилүүчү маселелер);
  • изилдөөнүн методдору жана методологиялык негизи;
  • изилдөөнүн жетектөөчү идеясы;
  • диссертациянын теориялык жана практикалык баалуулугу;
  • илимий жаңылыгы;
  • коргоого сунуш кылынган жоболор жана натыйжалар;
  • диссертациянын теориялык жана практикалык жыйынтыктарын сынап көрүүнүн жолдору;
  • диссертациянын түзүлүшү жана көлөмү;
  • сүрөттөрдүн, таблицалардын, тиркемелердин саны;
  • диссертациянын негизги мазмуну;
  • жалпы корутунду;
  • диссертациянын темасы боюнча жарыяланган эмгектердин тизмеси;
  • кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган кыска аннотация.

Автореферат диссертация коргоого сунуш кылынгандан кийин белгиленген тартипте типографиялык жол менен жарыяланат жана тийиштүү илимий мекемелерге, адистерге таркатылат. Ага коюлуучу талаптар Улуттук аттестациялык комиссиянын жоболорунда көрсөтүлөт[булак?].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97