Автотрансформатор

Википедия дан
Автотрансформатордун электр схемасы: U1 — жогорку чыңалуу; U2 — жогорку чыңалуунун орому; Wi— төмөнку чыңалуу; Wi — төмөнкү чыңалуунун орому.

Автотрансформатор — оромдору бири бири менен гальваникалык байланышта болгон электр трансформатору.
Автотрансформатордун оромуна бир эле учурда кирүүчү жана чыгуучу тармактар кошулат. Чыгуучу тармактын чыңалуусунун жогорулатылган же төмөндөтүлгөн маанилери оромдун атайын кыскычтарынан алынат.
Автотрансформатор көп оромдуу трансформатордон жеңил болот. Ал өзгөрүлмө токтун кубаттуу кыймылдаткычтарын ишке киргизүүчү түзүлүштөрдө, релелик сактоо схемаларында колдонулат. Жөнгө салынуучу автотрансформатор тармактагы чыңалуу өзгөрсө да, керөктөөчүлөргө берилүүчү чыңалууну турактуу чоңдукта өзгөртпөстөн кармап турууга мүмкүндүк бөрет.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.