Ага-Хан III

Википедия дан

Ага-Хан III - Султан Мухаммадшах (2. 11.1877, Карачи ш. 11.7. 1957, Египет, Асуан ш.) шиит-исмаилит мусулмандарынын 48-мураскер имамы. «Ага Хан» титулу Персиянын башкаруучусу тарабынан берилген. Ал 1937-ж. Улуттар Лигасынын Президенти болуп дайындалган. Ага Хан III исмаилит мекемелеринин негизги иш чараларын уюштуруп, жетектөө менен бирге мусулмандардын кызыкчылыгын жактаган, аялдарга билим берүүнү колдогон жана тынчтык үчүн активдүү күрөшүп, эл аралык аренада зор кадыр-баркка ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1