Агония

Википедия дан

Агония - (грекче agonia жанталашуу, күрөш) адам менен жаныбарлардын өлөр (үзүлөр) алдындагы абалы. Агония клиникалык учур, эгер жардам көрүлбөсө биологиялык өлүм менен бүтөт. Мында дем алуу начарлайт, кыркырак пайда болуп, акыл-эстен танат, сезүү органдарынын иши төмөндөйт, жүрөктүн кагышы солгундайт, өңү кубарат, териси, эрини көгөрөт. Агония бир нече секундадан 12 саатка чейин созулат. Агониянын алдында тамырдын кагышы бир калыпта болбой, айрым учурда кан басымы жогорулайт. Андан кийин жүрөктүн кагуу ыргагы жоголуп, кан басымы нөлгө чейин түшөт, эрксиз заарасы, заңы чыгып кетет. Дем алуу жана кан айлануу токтоп, клиникалык өлүм башталат. Агония абалынан айрым учурда, мисалы, кан көп жоготкондо, эстен танганда, асфиксияда өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1