Асфиксия

Википедия дан

Асфиксия (грек. asphyxia - тамыр сокпой калуу) - дем алуунун бузулушунан организмде кычкылтек азайып, көмүр кычкыл газынын өтө көбөйүшү менен мүнөздөлгөн оорулуу абал.

Асфиксия дем алуу жолдорун бөтөн заттар бүтөп калышынан, алардын ооруларынан, асылып, муунуп калуу, сууга чөккөндө, травмаларда моюндун жана көкүрөктүн басылып калышынан, дем алууга катышкан булчуңдардын же дем алуу борборунун шалынан жана башкалардан пайда болот. Бул абалда дем алуу жолдору боюнча абанын өпкөгө келиши токтойт.

Асфиксия оорусунун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асфиксия пайда болуу себептерине жараша өнүгүүсү ар түрдүү болот. Адегенде организмде ткандарды кычкылтек менен каныктыруу жана анда чогулган көмүр кычкыл газды чыгарууга аракеттенген өзгөрүүлөр жүрөт (дем алуу, кан жүгүрүү тездейт). Андан кийин ткандарда кычкылтек жетишпей, органдардын функциясы, айрыкча мээдеги дем алуу борборунун жана жүрөктүн иши бузулат. Мында кишинин өңү көгөрүп кара көк тартат, көздүн кареги адегенде кичирейт, кийин чоңоёт, эсин жоготуп, заарасын жана заңын кармай албай калат, кан басымы жогорулайт, жүрөгү тездеп согот. Дем алуу бир нече секундадан бир нече минутага чейин токтойт. Асфиксия бул абалында шашылыш тез жардам көрсөтүлбөсө, 3—6 минутадан кийин адам өлүмгө учурайт.

Асфиксияга биринчи жардам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асфиксияга биринчи жардамды көрсөтүүдө тезинен дем алууга жолто болгон себептерди четтетип, жасалма дем алдырууну жүргүзүп, кычкылтек жыттатуу керек. Ошондой эле тез жардам чакыруу зарыл. Эгер Асфиксиядан өлүм болсо, алгачкы 5—7 минутада атайын тез жардам бригадасы колдонгон реанимация методдору менен кайра тирилтүүгө мүмкүн.

Ымыркай баланын асфиксиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркай баланын асфиксиясы балага киндик аркылуу кан менен келүүчү кычкылтек жетпей калганда болот. Мындай абал баланын мойнуна киндик оролуп калганда, эненин же түйүлдүктүн ооруларында көп учурайт. Түйүлдүктүн, ымыркайдын асфиксиясы өлүү төрөлүүнүн, балдардын эрте өлүмүнүн жана баланын кийинки өөрчүшүндө болуучу бузулуулардын себептеринен болот. Төрөт учурунда ымыркайды асфиксия абалынан чыгаруу үчүн токтоосуз атайын чаралардын комплекси колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]