Агым катары

Википедия дан

Агым катары – өз ара байланышкан жана бир технологиялык процесс боюнча берилген тартип менен иштөөчү жабдуулар тутуму. Ар бир жумушчу орунда бир же бир нече технологиялык окшош сомдомолорду (заготовка) иштетүү операцияларын гана аткарат. Жумушчу орундар берилген технологиялык процесстердин удаалаштыгына ылайык жайгаштырылат. Сомдомолор бир жумушчу орундан кийинкисине жылдыргычтардын (конвейердин) жардамы менен жеткирилет. Агым катары технологиялык процесстин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, аны механикалаштырууга жана автоматташтырууга мүмкүндүк берип, массалык өндүрүштө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1